Өлкө казынасына 20 млн. сом зыян келтирген ишканалардын жетекчилерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшерүү учурунда ишкана тарабынан алып келинген көчмө завод тийиштүү техникалык талаптарга жооп бербегени жана кабыл алуу учурунда анын техникалык паспорту болбогону аныкталган.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирген Автожолдордун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгы, Жол чарба департаменти жана Автожол башкармалыгынын жетекчилигине карата кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.

Жети-Өгүз РЭС жасалма документ менен мамлекетке 2 млн. сом зыян келтирген
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын октябрь айында аталган департамент 21 миллион сомдук таш жанчыма жабдыктуу көчмө асфальт-бетон заводун сатып алуу максатында тендер өткөрүп, натыйжада менчик ишкана менен келишим түзүлөт.

Текшерүү учурунда ишкана тарабынан алып келинген көчмө завод тийиштүү техникалык талаптарга жооп бербегени жана кабыл алуу учурунда анын техникалык паспорту болбогону аныкталган. 

Буга карабастан, завод департамент жана башкарамалык тарабынан баланска алынган. Бирок завод кепилдик мөөнөтүнөн эрте иштен чыгып, жараксыз абалга келген. Бул фактыларды көз жаздымда калтырып, жетекчилик ишкана менен мурдатан сүйлөшүп алып, 7500 доллар өлчөмүндө кепилдик сумманы кармап калган эмес.

Бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Прокуратура тарабынан аталган мекемелердин жетекчилигине карата кызмат абалынан пайдалануу, мамлекеттин кызыкчылыган каршы келген келишимдерди түзүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0