Кылмышка 30 жаштан жогорку кыргызстандыктар баарынан көп барат

Жазылуу
Ал эми кылмыш кылгандардын арасында колунда иши бар жарандардын саны кыскарган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын 30 жаштан улуу жарандары улам барган сайын мыйзамга каршы аракеттерди көп жасап жаткандыгы жөнүндө Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда маалымдалат.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Сегиз айда экономикалык кылмыштуулук 1 млрд. 37 млн. сомдон ашык чыгымга алып келген
Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январынан тартып август айына чейин 30 жаштан жогорку кылмышкерлердин саны 5,4 миңден 6 миң адамга өскөн.

Ошондой эле мыйзам бузууга барган жашы жете электердин саны да көбөйгөн.

Кылмыш жолуна жумушсуздар көп түшөт: азыр ар бир төрт кылмыштын үчөөнү акча табууга мүмкүнчүлүгү жоктор жасайт.

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, 8 ай ичинде кылмыштардын саны 11 миңден ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0