Шайлоо учурунда Бишкекте коомдук тартипти 3 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ИИМ кызматкерлери. Архив
Бишкек ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо алдында Бишкек милициясынын кызматкерлери үчүн менен шайлоонун тартиби, адаттан тыш учурларда көрүлүүчү аракет тууралуу кошумча окуулар өттү.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү өтө турган парламенттик шайлоо учурунда Бишкек шаарындагы коомдук тартипти сактоого үч миң милиция кызматкери тартыла турганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, милициядан тышкары 800гө чукул ыктыярдуу элдик дружинанын адамдары жардам берет. Жол кайгуул кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлдөйт, мында шайлоо процессине катыша турган унаалардын баары тийиштүү текшерүүдөн өттү.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-6-октябрь күндөрү Бишкек ШИИБ жеке курамы аскердик даярдыкка өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоо алдында Бишкек милициясынын кызматкерлери үчүн шайлоонун тартиби, адаттан тыш учурларда көрүлүүчү аракет тууралуу кошумча окуулар өттү. 

Милиция бюллетендерди ташый турган унааларды коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0