SIM-карталарды каттоо 2016-жылдын 1-февралына чейин узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефон жана SIM-карталар. Архив
Уюлдук телефон жана SIM-карталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда SIM-карталардын каттоо мөөнөтү буга чейин бир нече ирет узартылган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2016-жылдын 1-февралына чейин SIM-карталар толук катталып бүтө турганын Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди.

Буга чейин мөөнөт байланыш операторлор ассоциациясынын өтүнүчү менен 2015-жылдын 1-августунан 1-октябрына чейин узартылган. Бүгүнкү күндө жалпы абоненттердин 1 миллион 82 миң 601и карталарын каттата элек. 

"Мындан улам байланыш операторлорунун ассоциациясы SIM-карталарды каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча кайрылышты", — деп айтылат билдирүүдө. 

Байланыш агенттиги каттоо мөөнөтүн узартуу өтүнүчтөрү республиканын алыскы аймактарында жашаган тургундардан да келип түшкөнүн белгилейт.

"Жашоочулар алыскы жайлоодо мал багып, талаа иштеринде болгондуктан, тейлөө борборлоруна келе албай жатышканын айтышууда", — дейт мекеме.

Каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин катталбаган пайдалануучулар абоненттик номерлерин калыбына келтире албай турганы белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0