Паспорт бөлүмдөрү күчөтүлгөн иш тартибине өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө 1994-жылкы паспортторду ID-card үлгүсүнө алмаштыруу боюнча арыздар каралып, даяр болгон паспорттор аймактарга жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына чейин бардык паспорт бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартип менен иш алып бара турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул республиканын бардык жарандарынын конституциялык укугун жана аларды жапырт ID-card менен камсыздоо максатында жасалууда. Мындан улам калкты жана жарандык абал актыларын каттоо бөлүмдөрү паспорт берүү боюнча күчөтүлгөн график менен иштейт.

УКМК кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо учурунда УКМК диний-экстремисттик жана криминалдык топторго көзөмөлүн күчөтөт
3-октябрда паспорт бөлүмдөрү 9.00дөн 00.00гө чейин, ал эми 4-октябрда 9.00дөн кечки саат сегизге чейин иш алып барат. Мында мекеме паспорт берүү иштерин гана аткарат, паспорт алуу боюнча документтер кабыл алынбайт.

Бүгүнкү күнгө карата 1994-жылкы паспортторду ID-card үлгүсүнө алмаштыруу боюнча арыздар каралып, даяр болгон паспорттор аймактарга жөнөтүлдү.

Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылкы паспорт менен 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө боло турганын баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0