Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү расмий башталды

© Фото / Диля РодионоваШайлоо участкасындагы электрондук урна. Архив
Шайлоо участкасындагы электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагы боюнча 2 миңден ашык шайлоо участкасы ачылды. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган КР жарандары шайлоого катышат. Добуш берүү үчүн ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана ПИН-код чапталган 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт керек.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Эртең мененки саат 8.00дөн тарта өлкө аймагындагы 2 миң 374 шайлоо участкалары иштей баштады.

Шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 миллион 761 миң 269 шайлоочу катышат. Бул шайлоодо 14 саясий партия ат салышууда.

20дан ашык шайлоо участкалары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген чатырларга ачылды. Себеби, шайлоо участкасынын аянты 40 чарчы метрден кем болбош керек.

Бишкекте шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда добуш беришти
Бардык аймактык шайлоо участкалары биометрикалык маалыматтарды текшере турган керектүү жабдуулар менен камсыз болду.

Добуш берүү үчүн ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана ПИН-код чапталган 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт керек. Башка документтер жараксыз болуп саналат.

Андан сырткары, чет мамлекетте 36 шайлоо участкасы ачылды. Алар жайгашкан мамлекеттин убактысы боюнча иштейт. Бул шайлоого чет жакта жүргөн 16 миңдей кыргызстандыктын катышуусу күтүлүп жатат.

Шайлоо участкалары 12 саат бою иштеп, кечки саат 8.00дө жабылат.

Алдын ала добуш берүүнүн электрондук жыйынтыктарын БШК добуш берүү аяктагандан кийин жарым саат ичинде алат.

Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда добуш берүү процедурасы тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0