Кыргызстанда 73 шайлоо участкасы менен байланыш начар болууда

Жазылуу
БШК мындан улам аталган аймактардагы шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат кечиктирип берилерин белгилейт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча эч кандай байланышы жок 51 жана байланышы начар 22 участjок аныкталганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев шайлоо учурунда чагымчылдыкка алдырбоого чакырды
Маалыматка ылайык, бул тууралуу шайлоо участкаларын тестирлеп жана Мамлекеттик байланыш агенттиги менен сүйлөшүүлөрдөн белгилүү болгон.

БШК мындан улам аталган аймактардагы шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат кечиктирип берилерин белгилейт. 

Бүгүн, эртең мененки саат 8.00дө Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү башталды. Анда 14 саясий партия ат салышууда. Жалпы республика боюнча 2374 шайлоо участкасы иштейт.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0