Добуш берүүдө бишкектиктер менен нарындыктар активдүүлүгүн көрсөтүүдө

© пресс-служба ПП Республика-Ата ЖуртБишкек шаарындагы шайлоо участкасы алдындагы кезек.
Бишкек шаарындагы шайлоо участкасы алдындагы кезек. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча алгачкы алдын ала маалыматтарды жарыялады.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча алгачкы алдын ала маалыматтарды жарыялады. 

Ага ылайык биринчи төрт саат ичинде добуш бергендердин пайыздык катышы төмөндөгүдөй.

  • Бишкек шаары 11%
  • Ош шаары 3%
  • Жалал-Абад облусу 8%
  • Баткен облусу 9%
  • Талас облусу 10%
  • Чүй облусу 10%
  • Ысык-Көл облусу 9%
  • Нарын облусу 11%
  • Ош облусу 7%

Жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын 9 пайызы добуштарын беришти.

Бүгүн өлкө боюнча парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 14 саясий партия ат салышууда.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0