Бир нече көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде лидер өлкөлөрдөн озуп кетти

Жазылуу
Дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөр рейтингинин "Өнүгүү жана туруктуулук" категориясы боюнча Кыргызстан 17-орунду алып, АКШ, Германия, Канада, Дания, Катар жана Россия өңдүү мамлекеттерди артта калтырды.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Good Country Index (Дүйнө өлкөлөрүнүн ийгилик индекси) уюмунун иликтөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттиринин ичинен биринчи жана 125 мамлекеттин арасынан 74-орунду ээледи.

Жыйынтыктар бир нече көрсөткүчтөр боюнча чыгарылган. Алар: "Илим жана технология", "Маданият", "Эл аралык кызматташуу жана коопсуздук", "Дүйнө тартибине кошкон салымы", "Өнүгүү жана туруктуулук", "Планета жана климат", "Ден соолук жана байгерчилик".

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 9 орунга алдыга жылды
Кыргызстан "Илим жана технология" категориясында 72-орунду ээлесе, "Маданият" боюнча 103-орунга татыган. "Эл аралык кызматташуу жана коопсуздук" категориясы боюнча 47-орунда турса, "Дүйнө тартибине кошкон салымы" боюнча 84-орунга илинген. Ал эми "Планета жана климат" боюнча 114-орунда.

"Өнүгүү жана туруктуулук" боюнча 125 мамлекеттин ичинен 17-орунду ээлеп, АКШ, Германия, Канада, Дания, Катар жана Россия өңдүү мамлекеттерди артта калтырды.

Ошондой эле, "Ден соолук жана байгерчилик" категориясы боюнча 47-орунду камсыздады.

Индекстин жалпы көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 74-орун, Казакстан 80, Россия 95 жана Кытай 107-орунду ээлеген.

Индекстин көч башында Ирландия жана Финландия турса, Ливия 125-орунду ээлеп, тизмени жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0