Экономика министрлиги чек арадан мыйзамсыз ташылган күйүүчү майды каттайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май ташуучу автоунаа. Архив
Күйүүчү май ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин кызматкерлери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек аранын жети өткөрүү пунктунда күнү-түнү кезметте турушат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Экономика министрлиги чек арадан күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактыларын каттоо жана аларга мониторинг жүргүзүү максатында күнү-түнү туруучу кезмет уюштурганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай посттор Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек аранын жети өткөрүү пунктунда орнотулган. Кезмет үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрына чейин уланат.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунай заттарынын салыктарын азайтууну сунуштоодо
Учурда посттордо Түндүк аймак аралык башкармалыгынын, "Тышкы соода багытындагы бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын жана метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция менен стандартизация жана метрология боюнча борбордун кызматкерлери иш алып барууда.

Экономика министрлиги акыркы убакта мунай зат Казакстандан мыйзамсыз ташылып жаткан учурлар көбөйгөнүн белгилейт. Нефтетрейдерлер мындай кырдаалдын сакталышы расмий импорттун санын кыскартып, салык төлөмүнүн азайышына алып келерин болжолдошууда.

Түзүлгөн абалдан чыгуунун бирден бир жолу катары жеке жактарга тийиштүү документтерсиз чек арадан 20 литрден ашпаган күйүүчү май алып өтүүгө уруксат берилген. Мындан тышкары, өкмөт күйүүчү майдын импортуна болгон акциз салыгын беш миңден үч миң сомго чейин төмөндөтүүнү караштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0