БУУ өкүлү: качкындар көйгөйүн өз алдынча чечүүгө Кыргызстандын дарамети жетет

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНью-Йорк шаарындагы БУУнун имараты. Архив
Нью-Йорк шаарындагы БУУнун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссарынын өкүлү Маки Шинохра Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугуп, Кыргызстандын качкындар багытында жасалып жаткан иш-аракеттерине оң баасын берди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү качкындарга байланыштуу маселелерди өз алдынча чечип жаткандыктан БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссары Кыргызстанга бөлүнүүчү акчаны кыскартат. Бул тууралуу аталган комиссардын Кыргызстандагы өкүлү Маки Шинохара Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өз сөзүндө Шинохара айым Кыргызстан менен БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду. 

Мындан тышкары, кыргыз өкмөтүнүн качкындар боюнча көйгөйлөрдү чечип жатканы мактоого арзый турган көрүнүш экенин белгиледи. 

"Башкы комиссар Кыргызстанга карата бюджетти кыскартып жатат, себеби, өлкө качкындар боюнча суроолорду өз алдынча чечүүдө. Бул кубантпай койбойт", — деди өкүл.

БУУ: ЕБдин чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган саясаты ишке ашкан жок
Жогорку соттун төрайымы БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн кызматташтыгына ыраазычылыгын билдирди. Муну менен бирге акыркы жылдарда качкындарга байланыштуу соттук иштердин статистикасына да токтолду. 

Анын айтымында 2014-жылы жергиликтүү сотторго жалпысынан качкындар статусу боюнча 91 иш келип түшкөн, анын 76сы каралып, 5 иши канааттандырылган. 

"Канааттандырылбаганы 60 иш, кыскартылганы 3, кароосуз калтырылганы 8 иш болгон. Ал эми Жогорку Сотко 2014-жылы 30 иш келип түшүп, отузу тең күчүндө калтырылган", — деп билдирди Токбаева. 

2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жогорку Сотко 58 иш келип түшүп, анын 52си күчүндө калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0