Бишкек шаарындагы мечит. Архив

Муфтий Кыргызстанда мечиттерди каттоо боюнча катуу талап койду

51
(жаңыланган 11:26 20.10.2015)
Кыргызстанда мечиттердин саны бүгүнкү күндө 2 640, алардын ичинен 626ы каттоодон өтө элек.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев өлкө аймагындагы каттоосуз турган мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү боюнча катуу талап койду. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстандагы учурдагы мечиттерди саны бүгүнкү күндө 2 640. Алардын ичинен 2014 мечит мамлекеттик каттоодон өткөн болсо, 626 мечит каттоосуз эле иштеп жатат. 

Токтомушев бул маселени муфтият кызматкерлери менен болгон жыйында айтты. 

Каттоодон өтө элек жана катталган мечиттердин жалпы так эсебин берүү боюнча муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрү иш алып бармай болду. Алар облустук казыят жана ар бир райондун хатибияттары менен байланышып, тактоо иштерин жасайт.

51
Белгилер:
Максатбек Токтомушев, имам, мечит, Муфтий
Тема боюнча
Кыргызстанда быйыл 480 мечит каттоодон өткөрүлөт
Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен

Кеминде автоунаа жолдон чыгып кетип, 20 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

49
Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Куткаруучулар жигиттин сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 жаштагы улан каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдон чыгып оодарылып кеткен.

"Жол кырсыгынан Э.И. аттуу 20 жаштагы жигит көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин Кемин районундагы төрт куткаруучусу тартылган. Алар каза болгон баланын сөөгүн автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

49
Белгилер:
Чүй облусу, Кемин району, жол кырсык, жигит, өлүм, ӨКМ
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив

Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

14
(жаңыланган 13:41 01.08.2021)
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

14
Белгилер:
Кыргызстан, вакцина, эмдөө, коронавирус, иммунитет
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет
АКШлык балбан Аделина Грей. Архив

Дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат! Айперинин атаандашы тууралуу эмне белгилүү

0
(жаңыланган 14:31 01.08.2021)
Кыргызстандык спортчу кыз Олимпиаданын жарым финалына чыкты. Алдыда аны өтө олуттуу атаандаш күтүп турат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиадалык оюндардын жарым финалында АКШлык Аделина Грей менен беттешет.

Америкалык спортчу дүйнөнүн беш жолку жана Панамерикалык мелдештердин бир нече жолку чемпиону. Денверде туулуп-өскөн, учурда 30 жашта.

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингинде 76 килограмм салмак чени боюнча биринчи орунда турат. Медет кызы бул тизмеде азырынча сегизинчи баскычта.

Экинчи жарым финалда япониялык Хироэ Минагава Сузуки (UWW рейтингинде үчүнчү орунда) менен германиялык Aлин Роттер-Фоккен (экинчи орунда) чыгат. Белгилей кетсек, 2019-жылкы дүйнө чемпионатында Грей дал ушул япониялык спортчу менен беттешкен.

Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында АКШлык Грей Тунистен келген атаандашын 8:0, андан соң түркиялык Ясемин Адарды 6:4 эсебинде уткан.

0
Белгилер:
АКШ, Айпери Медет кызы, беттешүү, Олимпиадалык оюндар, Аделина Грей
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты
Эсеп 8:1. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешин жеңди