Атамбаев өлкөнүн күч түзүмдөрү террористтик аракеттерге дайым даяр турушу керектигин айтты

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы күч түзүмүндө иштегендердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатып, атайын операциялар учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Террордук аракеттердин активдүү болуп жатканын эске алуу менен өлкөнүн күч түзүмдөрү дайыма даяр турушу керектигин Алмазбек Атамбаев УКМКнын жетекчиси Бусурманкул Табалдиевди жана Ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алып жатып билдирди.

Курман болгон жоокер Исмаилов менен коштошуудагы аза кайгысы
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы №50 түрмөн качып кеткендерди кармоо жана жок кылуу боюнча жасалган аракеттер боюнча толук маалымат алды.

Ошондой эле, Атамбаев күч түзүмүнүн кесиптик тажрыйбасын жогорулатып, атайын операциялар учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

Шаардагы "Достук" кичи районунда түрмөдөн качып, издөөдө жүргөн Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясы учурунда милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов жана эки тургун каза болгон.

Мамлекет башчысы каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аларга керектүү болгон бардык материалдык жардамды берүүгө буйрук берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0