Жыл башынан бери өрттөн 36 чоң киши жана төрт наристе набыт болгон

Жазылуу
Муну менен бирге өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар 46 адамдын өмүрүн жана бир миллиард сомдук буюм-терим сактап калышкан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жыл башынан өрт кырсыгынан 36 чоң киши жана төрт наристе каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айынын аралыгында республика боюнча 3384 өрт кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,7 пайызга аз экени белгилүү болду.

Өрт өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ден соолукту чыңдоо комплексинде чыккан өрттүн себеби такталууда
Министрлик көз жумгандардан тышкары кырсыктан 46 адам жана дагы төрт бала жабыркаган. Ал эми келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 229 миллионду түзгөн. Андан сырткары, 86 унаа күйүп кетсе, 3707 тонна чөп жок болгон. 42 баш мал өрткө кабылып, 48 имарат түп-орду менен жок болгон. 

Муну менен бирге өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар 46 адамдын өмүрүн жана бир миллиард сомдук буюм-терим сактап калышкан. 

Министрлик өрттүн негизги себеби от менен болгон этиятсыз мамиле экенин белгилейт. Кырсыктын 26 пайызы электр жабдыктары менен пайдалануунун эрежесин билбегендиктен келип чыкса, балдардын от менен шоктугунан 9,5 пайызы болот. Меш менен морлордун туура эмес түзүлүшү, аларды туура эмес пайдалануудан өрттүн 5,8 пайызы жаралат. 

Жалпы өрттүн 48,8 пайызы турак-жайларда чыгары маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0