Кыргызстанда өпкө рагына эркектер аялдарга караганда көп кабылат

Жазылуу
Дүйнө жүзүндө деле ушундай көрсөткүч. Бул эркектердин аял кишилерге караганда чылымды көбүрөөк чегиши менен шартталат.

БИШКЕК, 5-ноя — Sputnik. Кыргызстанда өпкө рагына эркектер аялдарга караганда көп кабылаары туурасында Улуттук статистика комитетинин отчетунда жазылган. 

Маалыматтарга таянсак, жыл башына карата 402 оору катталса, анын 100гө жакыны аял кишилер.

Анализ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыныстык жол менен жуга турган оорулар кайсы облуста көп?
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө деле ушундай көрсөткүч. Бул эркектердин аял кишилерге каранда чылымды көбүрөөк чегиши менен шартталат.

Бирок, кыргызстанда баарынан көп ашказан рагынан жапа чегишет, бул ар бир бешинчи оору. 

Андан сырткары 2000-жылдан тарта теринин рагы көбүрөөк кездеше баштаган. 

Статкомитет жыл башына карата 5,6 миң адам онкологиялык дарт менен катталгандыгын маалымдады. Бир жыл мурда бул сан 5,2 миңди түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0