Кыргызстан ИДПсы 4,8 пайызды түздү

© flickr.com / Images MoneyКалькулятор жана монеталар. Архив
Калькулятор жана монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала берилген маалымат боюнча, ИДП былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 0,4 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери ички дүң продукциянын анык өсүшү 4,8 пайызды түзгөнүн Статкомитетке таянуу менен Каржы министрлиги билдирди.

Тыйын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыргызстандыктардын кирешеси азайды
Алдын ала берилген маалымат боюнча, ИДП былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 0,4 пайызга жогорулаган. Ал эми анын номиналдык көлөмү 334,1 миллиард сом деңгээлинде түзүлгөн. 

Мындан тышкары, "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, курулуш, кызмат көрсөтүү, айыл чарба, өнөр жай тармагындагы ийгиликтердин натыйжасында экономиканын анык өсүшү төрт пайызды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 4,5 пайызга жогору көрсөткүчкө жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0