Эски паспорт. Архив

Ноябрдын соңунан тартып чет өлкөгө чыгууга эски үлгүдөгү паспорт жарабайт

84
(жаңыланган 10:11 17.11.2015)
Мамлекеттик каттоо кызматы август айынан баштап 1994-жылкы паспортторду жаңысына акысыз алмаштырып келет.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) жаңы стандарттарына ылайык үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынан баштап 1994-жылы берилген эски үлгүдөгү паспорттор чет өлкөгө чыгуу үчүн колдонуудан чыга турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

ИКАОго мүчө мамлекеттер эл аралык авиакаттам учурунда автоматташтырылган жабдуу аркылуу таанылган паспорттор гана пайдаланылышы шарт. Каттоо кызматы колго толтурулган документ колдонуудан алынышы керектигин белгилейт.

Эски үлгүдөгү паспорттор Кыргызстан менен чектеш мамлекеттерге да чыгууда жараксыз болот. Мында 2004 жана 2006-жылы чыккан жалпы жарандык паспорттор ИКАОнун стандарттарына толук жооп берет.

1994-жылы берилген документти 2004-жылкы паспортко акысыз алмаштыруу үчүн 60 жаш куракка жеткен жарандар катталган жеринен паспорт бөлүмүнө кайрылуусу керек.

Каттоо кызматы үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап 60 жаштан жогорку курактагыларга 2004-жылкы паспорт берүү жараянын баштаган. 16-ноябрга карата 101 миң 38 жаран паспорт алмаштырган.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда эски үлгүдөгү паспорт пайдаланып жүргөн 3 миң 740 жаран каттоодо турат.

84
Белгилер:
жаран, каттоо, үлгү, паспорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Кийинки жылдан тарта кыргызстандыктарга жапырт биометрикалык паспорт берүү башталат
ЕАЭБде унаа коридорлору электрондук паспорт менен иштей баштайт
Кычкылтек маскасын бейтапка кийгизген врач. Архивдик сүрөт

Кычкылтек концентратору деген эмне, кандай максатта пайдаланылат? Түшүндүрмө

58
(жаңыланган 14:07 07.07.2020)
Кычкылтек концентратору деген эмне жана кандай учурларда пайдаланылат? Эмнеге аны өзү билип пайдаланууга болбой турганын Sputnik Кыргызстандын окурмандарына адис айтып берди.

Акыркы аптада өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти. Борбор калаадагы ооруканаларга өпкөсү сезгенип кайрылган бейтаптардын аягы үзүлбөй жатат. Социалдык медиа бетин кычкылтек концентраторун сатуу жана сатып алуу боюнча жарыялар каптады. Кыргызстанда мындай аппараттар тартыш, ошондуктан бийлик жана кайрымдуу жарандар сырттан сатып алууда. Бир катар мамлекеттер республикага гуманитардык көмөк иретинде концентраторлорду тапшырууда.

Sputnik Кыргызстан бул аппараттардын кандай иштеп, эмне үчүн колдонуларын билип көрдү. Суроолорду топтоп, Улуттук кардиология жана терапия борборунун врач-пульмонологу Маамед Мадемиловго узаттык.

Орун бар! Пневмонияга кабылгандарды кайсы оорукана кабыл алары айтылды

Кычкылтек концентратору деген эмне?

Бул кычкылтекти топтоп, бейтапка 90-95 пайыздык катышта бере турган аппарат. Так элестетүү үчүн терең карайлы, бизди курчаган абада кычкылтектин концентрациясы 20 пайыздын тегерегинде, концентратордон адам каныккан кычкылтекти алат.

Бейтаптарга кычкылтек терапиясы керектелген бир катар дарттар бар. Алар — демди кысып, адамды энтиктирген оорулар, маселен, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, астма, жүрөк-кан тамыр илдети жана башка дарттар. 

В пульмонологическом отделении Новой больницы Екатеринбурга. На первом плане - кислородный концентратор.
© Sputnik / Павел Лисицын
Бейтаптарга кычкылтек терапиясы керектелген бир катар дарттар бар. Алар — демди кысып, адамды энтиктирген оорулар, маселен, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, астма, жүрөк-кан тамыр илдети жана башка дарттар.

Аппарат кантип иштейт?

Кычкылтек концентраторунун түзүлүшү анчалык деле оор эмес. Кычкылтек дистилляцияланган (буулуу суу) же физиологиялык эритмеси аркылуу өтүп, андан кийин гана мурунга кычкылтек түтүкчөсү аркылуу кирет. Медициналык концентратор бейтап белгилүү бир убакыт аралыгында ала турган кычкылтекти өлчөй турган атайын регуляторго ээ.

Негизинен аппараттар мүнөтүнө 1-5 литр кычкылтекке эсептелген.

Кечээтен бери пневмониядан 29 кишинин көз жумганы айтылды

Кычкылтек концентратору кайсы учурларда пайдаланылат?

Адегенде врач бейтапты көрөт: сатурациясын (кандын кычкылтек менен каныгышын) өлчөйт, өпкөнү тыңшайт, бейтаптын абалын бир сыйра карап, былжыр челдерин, терисин, атап айтканда, көгөрүп-көгөрбөгөнүн текшерет. Сатурация пульсоксиметр менен өлчөнөт. Бейтапка кычкылтек бериле турган белгиленген ченемдери бар. Ошону менен бирге эле сатурациянын ар бир деңгээли үчүн бир, эки же беш литрден кычкылтектин өз "чени" болот.

Башка көрсөткүчү дагы бар, бул артериялык кан газы. Аталышы айтып тургандай, кандын газ курамын изилдөө. Бардык критерийлер медиктер тарабынан бир каралат. Бейтаптын организминин жалпы абалын текшерип чыккан соң врач аны кычкылтек концентраторуна туташтыруу зарылдыгы бар-жогу боюнча чечим кабыл алат.

Аппаратты өзү билип, дарыгердин уруксаты жок пайдаланууга болбойт. Анан калса, аны бирөө тегин жерден колдонуп жатканда башка бир бейтапка өтө зарыл болушу мүмкүн. 

Медицинский работник проводит физиотерапевтическое лечение пациента, инфицированного COVID-19, в отделении интенсивной терапии скорой импровизированной больницы Anhembi в Сан-Паулу, Бразилия, 1 июля 2020 года.
© AFP 2020 / MIGUEL SCHINCARIOL
Аппаратты өзү билип, дарыгердин уруксаты жок пайдаланууга болбойт.

Кычкылтек концентраторун себепсиз пайдаланса, ден соолукка зыян келеби?

Кычкылтек өзүнөн өзү дайым эле коопсуз эмес, врачтар аны баарына эле жөн жерден туташтыра бербейт. Айрым ооруларда врачтын көзөмөлү жана уруксаты болбостон берилсе, аягы кейиштүү болушу мүмкүн.

Белгилүү бир учурларда, мисалы, гиперкапниялык (вентиляциялык) дем алуу жетишсиздигине жеткирбөө үчүн кычкылтек аз ченемде бериле баштайт.

Ар бир учур жеке каралат, врачтын чечимине бейтаптын дене түзүлүшү да таасир этиши мүмкүн!

Мисалы, эгер адам салмактуу болсо, анда анын дем алуу булчуң эттери чабал болот. Мындан улам кычкылтек киргенде өпкө көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууга үлгүрбөй калат. Ал топтолуп отуруп, адам ууланып калышы ыктымал.

Ушундай эле көрүнүш адамдын өнөкөт респиратордук оорулары, мисалы, эмфиземасы (өпкө тканы жабыркап, функциясын аткара албай калганда) болсо да, өпкөгө көмүр кычкыл газы толуп кетип, бейтап эс-учун жоготушу мүмкүн. 

Предметы медицинского назначения, в том числе кислородные маски, лежат на полках на крытой парковке рядом с больницей Мэри-Вашингтон, поскольку она расширяет свои экстренные испытания для пациентов с короной в борьбе с пандемией во Фредериксбурге, штат Вирджиния, 3 апреля 2020 года
© AFP 2020 / OLIVIER DOULIERY
Бейтаптын организминин жалпы абалын текшерип чыккан соң врач аны кычкылтек концентраторуна туташтыруу зарылдыгы бар-жогу боюнча чечим кабыл алат.

Ошто коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн 600 орун даярдалды

Кол менен жасалган концентратор жагдайы

Ооруканаларда колдонулган кычкылтек концентратору — бул биринчи кезекте медициналык аппарат. Ал ГОСТтун талаптарына жооп бериши керек. Кычкылтек баллондорун пайдалануу техникалык көз караштан алып караганда деле кооптуу болушу мүмкүн. Анан да кычкылтекти титрлөө, башкача айтканда, ар бир бейтапка "ченемди" жекече өлчөө зарыл.

58
Белгилер:
дарыгер, дарт, пневмония, өпкө, аба, кычкылтек концентратору
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кычкылтек концентраторун сатып алууга өлкө казынасынан 50 млн сом бөлүндү
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун бермей болду
Жүк менен күтүп турган жүргүнчү. Архивдик сүрөт

ТИМ: мекенге кайтууну көздөп 57 өлкөдөн КР жарандары кайрылды

2
(жаңыланган 14:01 07.07.2020)
Ниязалиев коронавирус инфекциясы жайылгандан бери мекенге 20 миңден ашык кыргыз жараны алып келингенин айтты.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Акыркы маалыматтар боюнча, 57 мамлекеттен дагы 7 812 мекендеш Кыргызстанга келүүнү көздөп, элчиликтерге жана консулдуктарга кайрылышкан. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда маалымдады.

Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт

Анын айтымында, ТИМ өкүлдөрү кайрылган бардык мекендештер менен байланышта болуп, кеп-кеңештерин берип жатат.

Ниязалиев коронавирус инфекциясы жайылгандан бери мекенге 20 миңден ашык кыргыз жараны алып келингенин айтып, ага карабай өлкөгө кайтууну көздөгөн мекендештер көп экенин белгилеген.

 

2
Белгилер:
чет өлкө, мекендештер, ТИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
ТИМ Кытайдан келе албай жаткан кыргызстандыктар боюнча үн катты
ТИМ Индияда жүргөн он кишини өлкөгө алып келди