Кыргызстандагы эң мыкты күлүктөр менен жорголор кимдики

Жазылуу
Кыргыздарда бекеринен "ат адамдын канаты", "күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы дыбырайт" деп айтылбаса керек. Sputnik маалымат агенттиги Кыргызстанда алдына эч кимди чыгарбай, башкаларды ат чабым артында калтырган күлүк менен жорголордун болжолдуу рейтингин жарыялайт.

Бул тизме Улуттук ат оюндары боюнча "Аргымак" федерациясынын маалыматтары аркылуу түзүлдү. Аталган федерациядан билдиришкендей, бул жылдын эсебинен алдыда дагы эки оюн бар. 

2015-жылдын эң мыкты күлүктөрү.

1. Тачанка — англис-араб аргымагы. Ээси Аликбек Жунусов. Машыктыруучусу Керим Өмүралиев. Чабандеси Сыймык. Нарын облусу, Ат-Башы району. 

© фото предоставлено федерацией "Аргымак"Тачанка
Тачанка - Sputnik Кыргызстан
Тачанка

Быйыл жараткан ийгиликтери: Нооруз майрамына карата уюштурулган ат чабышта жана Жумамүдүн Шералиевдин жаркын элесине арналган ат оюндарында биринчи келген. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, 9-майда өткөрүлгөн ат чабышта экинчи орунду багындырып, бир автоунаа уткан.

2. Прогулка — англис-араб аргымагы. Ээси Доктурбек Казакбаев. Машыктыруучусу Өмүрбек Казакбаев. Чабандеси Нурсен. Ысык-Көл, Түп району, Михайловка айылы.

© фото предоставлено федерацией "Аргымак"Прогулка
Прогулка - Sputnik Кыргызстан
Прогулка

Быйыл жараткан ийгиликтери: Чолпон-Ата шаарында Көлбаевдин жана "Бир бол" партиясынын кубогунда биринчи келген. Жумамүдүн Шералиевдин жаркын элесине арналган ат оюндарында экинчи келген. 

3. Карат. Ээси Айдар Үтүров. Машыктыруучусу Эдиль Дүрбөлөң уулу. Чабандес Малик. Чүй облусу, Аламүдүн району, Арчалы айылы. 

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Лучшие иноходцы КР — Карат
Лучшие иноходцы КР — Карат - Sputnik Кыргызстан
Лучшие иноходцы КР — Карат

Быйыл жараткан ийгиликтери: 31 чакырымдык "Тайтору" кубогуна катышып, автоунаа уткан. 

2015-жылдын эң мыкты жорголору.

1. Ганк — орус таскак аты. Ээси Аликбек Жунусов. Машыктыруучусу Керим Өмүралиев. Чабандасы Каныбек уулу Авазкан. Нарын, Ат-Башы району.

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Лучший иноходцы Кыргызстана — Ганг
Лучший иноходцы Кыргызстана — Ганг - Sputnik Кыргызстан
Лучший иноходцы Кыргызстана — Ганг

Быйыл жараткан ийгиликтери: Кыргызстандын президентинин кубогунда, туристик сезондун ачылышында, Жумамүдүн Шералиевдин жаркын элесине арналган ат оюндарында, Ат чабыш сезонунун жабылышында жана Чолпон-Ата шаарында "Бир бол" партиясынын байгесинде биринчи келген. Андан сырткары Бишкек шаарында 9-майда өткөн жорго салышта жана Чолпон-Ата шаарында Көлбаев кубогуна арналган оюндарда экинчи келген.

2. Вулкан — орус таскак аты. Ээси "Аширбек ата" асыл тукум чарбасы. Машыктыруучусу жана чабандеси Мыктыбек Токтосунов. Чүй, Ысык-Ата району.

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Лучшие иноходцы КР — Вулкан
Лучшие иноходцы КР — Вулкан - Sputnik Кыргызстан
Лучшие иноходцы КР — Вулкан

Быйыл жараткан ийгиликтери: Чолпон-Ата шаарында өткөн Көлбаевдин кубогунда биринчи келген. КР президентинин кубогунда, Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган ат оюндарында жана Ат оюндарынын жазылуу сезонунда экинчи келген.

3. Барон — орус таскак аты. Ээси Замир Мукашев. Машыктыруучусу Сыймык Аламанов. Чабандеси Эрмек Аламанов. Ысык-Көл, Тоң району.

© фото предоставлено федерацией "Аргымак"Барон
Барон - Sputnik Кыргызстан
Барон

Быйыл жараткан ийгиликтери: 9-майда Бишкекте өткөн жорго салышта биринчи келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0