Жаңы автоунаа номерлеринде "KG" сериясы жок болот

Жазылуу
МКК автоунаа үчүн жаңы номерлерди түзүү боюнча иш алып барат. Ал эми эскилери машина сатылгыча жарактуу болот.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа номерлеринин жаңы үлгүсү ишке киргизилип, андан "KG" сериясы алына турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, автоунаа номерлерин даярдоо менен акыркы сегиз жылдан бери жек компания алектенип келген. Эми бул ишти МКК өз мойнуна алат.

"Кийинки аптада номерлерди жасоо үчүн керектүү материал сатып алууга тендер жарыялайбыз. Эми жеке компаниянын чөнтөгүнө түшкөн киреше мамлекетке кетет", — деди Сарпашев. 

Жетекчи жеке айдоочулар үчүн өзүнчө, мамлекеттик унаа үчүн өзүнчө номер болорун белгиледи.

"Алар бири-биринен түп-тамырынан бери айырмаланып кетпейт. Жолдо баарынын укугу бир", — деди ал.

Сарпашев эски номерлер машина сатылгыча жарактуу болорун эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0