Суу түтүгүн куруу. Архив

Кыргызстандын 19 шаарында таза суу менен камсыздоо системасы курулат

88
(жаңыланган 18:27 08.12.2015)
Ичүүчү суу менен камсыздоочу долбоорду ишке ашырууга 173 миллион евро инвестиция тартылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Республиканын 19 шаарында таза суу менен камсыздоо системасы курулуп жана калыбына келтирилип жатканын биринчи вице-премьер Аалы Карашев Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Анын айтымында, аталган долбоорго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү жана Европа биримдиги колдоо көрсөтүп, аны ишке ашырууга 173,1 миллион евро инвестиция каралган. 

Карашев Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жардам берип, бир катар ири долбоорлорду жүзөгө ашырып жатканын кошумчалады.

88
Белгилер:
система, Суу, Аалы Карашев
Тема боюнча
Бир тонна суу 350 сом – сууну каналдан ташып ичкен алмалыктар
Член медицинского персонала утешает пациента в отделении интенсивной терапии COVID-19 в Объединенном мемориальном медицинском центре 2 июля 2020 года в Хьюстоне, штат Техас.

Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти

62
(жаңыланган 10:54 05.07.2020)
Бүгүнкү статистиканы кошкондо, өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгон кишилердин саны 88ге жетти.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 10 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, төрт бейтап Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканадан каза тапкан. Алар 64, 66, 69 жаштагы эркектер жана 64 жаштагы аял киши.

Ошондой эле Ноокат аймактык ооруканасынан 60 жаштагы эркек киши, Жайыл аймактык ооруканасынан 80 жаштагы аял, Москва аймактык ооруканасынан 35 жаштагы эркек жана Токмок аймактык ооруканасынан 59 жаштагы аял каза болгон.

Мындан тышкары, Ысык-Ата аймактык ооруканасынан 62 жаштагы аял жана Кочкор аймактык ооруканасынан 81 жаштагы эркек киши көз жумган.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгондордун саны 88 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

62
Белгилер:
бейтап, өлүм, оору, коронавирус, Кыргызстан
Ооруканадагы бейтап жана дарыгер

Коронавирустан кечээтен бери 88 адам сакайып чыкты

37
(жаңыланган 11:11 05.07.2020)
Акыркы убакта Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кетти. Мындан улам бардык аймактарга чектөөлөр киргизилүүдө.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 88 адам айыгып үйүнө чыгарылганын Респубикалык штаб билдирди. 

Бишкек шаарында 31, Чүй облусунда сегиз, Ош шаарындан 30, Ош облусунда 14, Нарын облусунда төрт, Жалал-Абадда бир киши айыкты.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 283 адам коронавирус жуктуруп алды

Ушуну менен республика боюнча жалпы 2 802 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды.

37
Белгилер:
айыгуу, бейтап, Кыргызстан, коронавирус, штаб
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Чүй облусунун алты жеринде күндүзгү стационар ачылууда
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Профессор: узакка созулган жалпы карантин саламаттык сактоо тармагын талкалайт

9
(жаңыланган 11:05 05.07.2020)
Профессор Эйдельмандын айтымында, коронавируска каршы коопсуз делген вакцинаны массалык түрдө чыгаруу 2021-жылдын ортосунан эрте болбойт.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өлкөлөр боюнча жалпы киргизилген карантиндер саламаттык сактоо системасын талкалайт. Бул тууралуу РИА Новостиге дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, израилдик дарыгер, профессор Леонид Эйдельман айтып берген. 

Анын пикиринде, коронавируска каршы коопсуз делген вакцинаны массалык түрдө чыгаруу 2021-жылдын ортосунан эрте болбойт. Ошондуктан мамлекеттер кыска мөөнөттүү жана жергиликтүү карантинди киргизип турушу зарыл.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды

"Карантин экономикалык кризиске алып барат. Анын кедергиси саламаттык сактоо тармагына да тийип, каржылоо азаят. Ооруканаларда кезек көбөйүп, дары кымбаттайт. Вирус миллиондогон адамдын ден соолугун талкалап, алигече мизин кайтара элек. Ушул жылдын этегине чейин, балким кийинки жылдары улам бир жерде очогу чыга берет. Эл бул жылы вакцина болот дегенге абдан үмүт артып алды. Бирок өмүргө коопсуз жана массалык түрдө жете турчу вакцина быйыл болбой калышы толук мүмкүн", — деген Эйдельман.

5-июль, эртең мененки маалыматка ылайык, жер жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 11 240 943кө жетип, айыккандар 6 миллионго чукулдады, 530 137 киши көз жумду.

9
Белгилер:
система, саламаттык сактоо, вакцина, карантин, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти
Жүрөккө кайсы витамин пайдалуу экендиги айтылды. Изилдөө