Дүйшөмбү күндөн тарта Кыргызстанда спайска тыюу салынат

CC BY-SA 2.0 / Matto Fredriksson / FoundСпайс деп аталган наркотикалык зат. Архив
Спайс деп аталган наркотикалык зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыюу салынган препараттардын тизмесине химиялык түзүмүн өзгөртүү жолу менен жасап алууга мүмкүн болгон заттар да кирди.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Спайс деп аталган наркотикалык зат дүйшөмбү күндөн 14-декабрда тарта Кыргызстанда тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Спайс маңзаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спайстын 85 түрүнө Кыргызстанда тыюу салуу сунушталды
Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын 4-декабрында Кыргызстанда көзөмөлгө алынышы керек болгон маңзаттар, психотроптук нерселер жана прекурсорлор жөнүндө документке толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча токтомго кол койгон. Ал документ кол коюлган мезгилден 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Наркотикалык жана психотроптук 200 заттын тизмеси түзүлгөн. 

Тыюу салынган препараттардын тизмесине химиялык түзүмүн өзгөртүү жолу менен жасап алууга мүмкүн болгон заттар да кирди. Алардын ичинде туз жана стереоизомерлер да бар.

Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу милдети өкмөт аппаратынын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0