Кыргызстанда төлөм аппараттары аркылуу салык төлөгөндөрдүн саны артты

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЭлектр терминалына акча салуу. Архив
Электр терминалына акча салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада жалпы жонунан 1712 төлөм терминалдары жана веб-кассалар акча кабыл алат. Анын 163ү быйылкы жылдын эсебинен орнотулган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Быйыл өткөн жылкыга салыштырмалуу перифериялык түзүлүштөрдүн жардамы менен салык төлөмү көп төлөнгөнүн Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы республиканын аймагына салык төлөөнү кабыл алуу максатында 163 перифериялык түзүлмөлөр кошумча орнотулган. Учурда өлкө боюнча 1 миң 712 төлөм терминалдары жана веб-кассалары иштейт.

"Үстүбүздөгү жылдын январь-декабрь айларынын аралыгында перифериялык түзүлмөлөрдүн жардамы менен 122,8 миллион сом суммасында 79 миң 254 төлөм өтүп, былтыркыга караганда 80,5 миллион сом көп салык төлөнгөн", — деп айтылат билдирүүдө. 

Салык кызматы банкоматтар аркылуу 10 төлөм, веб-кассалардан 739, электрондук капчык аркылуу 450, интернет-банкингден 230 төлөм өткөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0