Кыргызстандагы кыргыз тилиндеги сайттарга саресеп

Жазылуу
Улуттук статистика комитети өлкөнүн кайсыл тармагында кыргыз тилдүү интернет сайтттар бар экендигин аныктап чыкты.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети интернет сайттарын мамлекеттик тилде түзүүгө буйуртма берген компанияларды аныктады. Sputnik агенттигин алардын рейтингин түздү.

  1. Мамлекеттик органдар. Туптуура 100 мекеме-ишкана сайтын кыргыз тилинде түзүптүр. Ал эми орус тилиндегиси 62 болуп чыкты. 
  2. Финансылык жана камсыздандыруучу компаниялардын сайты — 61. Ушул эле санда орус тилинде бар экен. 
Википедиянын кыргыз тилиндеги баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Википедиясы бардык түшүндүрмөсү менен 50 миң сөзгө толукталды
Кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын 29 сайты ачылган. Айтмакчы, бул багыттагы сайттар орус тилинде төрт эсе көп. Белгилей кете турган жагдай, мындай порталдардын саны азайып барат. Беш жыл мурда 800гө чукул болучу.
  • Кайра иштетүү менен алектенген ишканалар кыргыз тилинде 28 ресурс ачыптыр. Бул жааттагы сайттардын саны жалпылап алганда жүзгө чукул. 
  • Учурда техникалык жана илимий багыттагы 28 сайт бар, ал эми орус тилинде — 113
  • Базарлардын, дүкөндөрдүн кыргыз тилиндеги сайты 24. Ал эми расмий тилдегиси 150.
  • Медициналык порталдар. 28 сайт кыргыз тилинде ачылыптыр. Орус тилиндегиси да ушул эле санда. 
  • 2015-жылдын башына карата эсептегенде өлкөдө бир жарым миңге чукул сайт болсо, анын 356сы мамлекеттик тилде ачылган.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0