Кыргызстанда нике каттоонун расмий наркы бекитилди

© Sputnik / Табылды КадырбековЭки жубай никесин каттоодо. Архив
Эки жубай никесин каттоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалар кыргыз өкмөтүнүн 24-ноябрдагы токтомуна ылайык чегерилген.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти көрсөткөн кызматтардын баасын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеме билдирүүдө.

Сарпашев: МККнын аймактык бөлүмдөрү бир борборго биригет
Маалыматка ылайык, республиканын ар аймагында райондук ЗАГС бөлүмдөрүнөн тыш никени каттоо 1265 сомдун тегерегинде болсо, Бишкек жана Ош шаарларында ЗАГС бөлүмдөрүнөн тышкары нике каттоо салтанаты 2565 сомдун чегинде каралды.

Ал эми ЗАГСтын райондук бөлүмдөрүндө нике каттоо жараяны 556 сомго бааланса, Бишкек шаарындагы Бакыт өргөсүндө салтанаттуу нике каттоого 1732 сом төлөнөт.

Баалар өкмөттүн токтомуна ылайык бекитилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0