Намыска жараган Жийдеш, Кайрат, "Алтын бала" жана соцтармакта талкууланган окуялар

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык тармактардын логотиби. Архив
Социалдык тармактардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада өзгөчөлөнгөн окуялар жана социалдык тармакта көп талкууланган кабарлардын топтомун сунуштайбыз.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Узап кеткен жума мамлекет үчүн жаңы жыл алдындагы белектерге жык толду. Себеби, эл аралык аренада Кыргызстандын аты "дүңк" деп жаңырды.

Кытайда сулуулугун көргөзгөн Таттыбүбү

Жакшы жаңылыктар Таттыбүбү Самидин кызынын Хайнань аралындагы (Кытай) Санья шаарында өтүп жаткан "Miss World—2015" сулуулар конкурсунда дүйнөнүн чар тарабынан келген 117 сулуунун ичинен бир катар конкурстук сынактарда алдыңкылардын катарын толуктаганы менен башталды. 

Кыргызстандык жал-жал көз "Кыргыз бий" бийин башка сулууларга да бийлетүү менен өзгөчөлөнүп, Кыргызстан деген чакан өлкө бар экенин жар салды.

Россиялыктардын оозун ачырган Кайрат

Кайрат Примбердиев Кремлде үн созот
Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын "Главная сцена" телешоусунун финалына өттү. Примбердиев баардык калыстардын оң баасын алыш үчүн конкурстан сырткары дагы бир ыр аткарды.

Анын "Есть только миг" деп аталган ырды аткарганын калыстар тобунун мүчөсү Елена Ваенга чоң канааттануу менен жактырып оң баасын берсе, Валерий Леонтьев эмнегедир кылчактап туруп алды. Алып баруучунун демилгеси менен Кайраттын экинчи жолу ырдаган "Куда уходит детство" чыгармасы анын көңүлүнө төп келип, бул сапар "ооба" дегенге аргасыз болду. Ал эми Диана Арбенина менен Владимир Пресняков жана композитор Александр Зацепин Кайрат Примбердиевдин аткаруусундагы ырды сөз жок жактырып, колдошту.

Түркияда Кыргызстандын желегин желбиреткен Жийдеш

Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова Стамбул шаарында өткөн эл аралык "Turkvizyon" ыр конкурсунда атаандаштыран ат чабым артта калтырып, биринчи орунду алды.

Жийдеш Идирисова "Ким билет?" деген ыры менен калыстардын эң максималдуу болгон бааларына татып, 194 упай менен биринчиликти ишенимдүү түрдө камсыздады. 

Америкалыкты аңтара чапкан Шевченко

Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко Орланда шаарында UFC боюнча өткөн дебюттук беттешинде АКШлык атаандашы Сара Кауфманды "сабап" мекендештерге сүйүнүч тартуулады. Эти башка болсо да, сөөгү кыргызстандык болгон (учурда Перудагы команданын аты менен мелдештерге чыгууда) Шевченко бул мелдешке 62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Мыкты мушкер Азат Үсөналиев намыска жарады

Мушкер Азат Үсөналиев нефть чыккан өлкөлөрдүн Кубогунда "күмүш" медалга ээ болду
Келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкер Азат Үсөналиев Россиянын Ханты-Мансийск шаарында өткөн Нефть чыккан өлкөлөрдүн Кубогунда 21 өлкөдөн келген спортчулардын ичинен мыкты аталып, күмүш байгеге татыды.

Үсөналиев жарым финалда россиялык мушкер Артур Ложниковду жеңип, финалга чыккан. Финалдык беттеште Александр Рышкан менен беттешип, упайдык эсеп менен утулуп калды.

"Алтын бала" атыккан Жаркынбек Байзаков алтын алды

Кыргызстандык Жаркынбек Байзаков жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алды. 11-12-декабрь күндөрү Москва шаарында профессионалдык жоокер самбосу боюнча XXI дүйнө чемпионаты болуп өткөн. Ага 10 өлкөнүн мыкты спортчулары келген болчу.

"Эттин ордуна төө буурчак жегиле"

Кыргызстандын ичинде да жашоо токтоп турган жок. Бир катар мамлекеттик жетекчилердин билдирүүлөрү социалдык тармактарда катуу талкууга алынды. 

Өкмөт башчы Темир Сариевдин "эттин ордуна төө буурчак жегиле" кыязында айткан билдирүүсү дем алыш күндөрү социалдык тармакта абдан көп талкуулардын болушуна жем таштады. Бир катар чымыны бар колдонуучулар түрдүү коллаждарды жасаганга да үлгүрүштү.

Депутаттарга жетпеген 40 миң сом

Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каржы министрлиги планшет жана кресло үчүн жарыялаган тендерди жокко чыгарды
Андан сырткары депутат Анвар Артыковдун "депутаттарга айлыктан тышкары бериле турчу 40 миң сом эл өкүлдөрүнүн бардык чыгымдарына жетпейт" деген билдирүүсү да интернет колдонуучулардын ачуусун келтирди. 

Бейшемби күнү Жогорку Кеңеш "КР Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүүнү жактырган. Ага ылайык, депутаттар ай сайын маянасынын үстүнө кошумча алчу 40 миң сомдун эсеп-чотун беришпейт. Документ үч окуудан тең дароо кабыл алынды.

Долбоордун демилгечиси Артыков депутаттардын фонду кыскартылгандыктан эки айдан бери парламенттин иши токтоп турганын айткан эле.

Манас аэропортуна бомба коюлуп…

"Манас" эл аралык аэропортуна бомба коюлду деген билдирүү менен өткөн жума аяктады. Бирок, бул билдирүү жалган болуп, аэропорттун ичин тинтүүдө эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Улуттук коопсуздук кызматы аэропортко бомба коюлганы тууралуу билдирүү белгисиз IP-даректен келгенин билдирди. Жалган билдирүү жөнөткөн белгисиз адамды тактоо иштери жүрүп жатат. 

Терроризм тууралуу жалган маалымат жөнөткөн адамга айып пул салынып, түзөтүүчү иштерге чегерилип же үч жылга чейин эркинен ажыратыла турганын УКМК эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0