Кыргызстанда бензиндин баасы бир сомго арзандады

© AFP / PHILIPPE HUGUENМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүүчү майдын арзандашы суроо-талаптын төмөндөшүнө байланыштуу болду.

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин бир сомго түштү. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күйүүчү майдын АИ-80 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бир литри 0,5 сомго арзандады. 

Күйүүчү майдын Бишкектеги азыркы баасы: Аи-80 – 33,5 сом; Аи-92 – 38,5; Аи-95 – 42,5; күйүүчү май 36,5 сомдон сатылууда.

Ош аймагында Аи-80 – 36 сомдон, Аи-92 – 40, Аи-95 – 45, күйүүчү май 39,5 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0