Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиев менен коштошуу церемониясында. Архив

2015-жылы Кыргызстанды кайгыртып, дүйнө салган атактуу инсандар

1 / 2
1616
(жаңыланган 15:51 29.12.2015)
Быйыл арабыздан Гүлзат Батырканова сыяктуу ырчы, Мукамбет Токтобаев сыяктуу залкар, Табылды Эгембердиев сыяктуу уникалдуу кыргыз кетти. Ич ачыштырган кайсы замандаштарыбыз дүйнө салгандыгын төмөнкү материалдан окуңуз.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Узап бараткан жылы Кыргызстан бир канча белгилүү инсандарынан ажырады. Алардын бир катарлары республиканын өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик ишмерлер болсо, бир катарлары кыргыз интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрү эле. Төмөндө катарыбыздан кеткен бул адамдардын жаркын элестерин дагы бир ирет эскерип кетмекчибиз. 

Заслуженная артистка Кыргызстана Гульзат Батырканова во время выступления
Наргиза Бозжигитова
Адегенде эле жаркылдаган инсан, ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова суук кабары менен Жаңы жылга аяк таштагандарды нес кылды.

Гүлзат Батырканова. Адегенде эле жаркылдаган инсан, ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова суук кабары менен Жаңы жылга аяк таштагандарды нес кылды. Сармердендин "шайыр жеңеси" Батырканова 2-январда Караколдо болгон жол кырсыгынан 42 жашында каза болду. 

Александр Мелентьев
© Sputnik / Алексей Федосеев
16-февралда кыргызстандык спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты.

Александр Мелентьев. 16-февралда кыргызстандык спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты. 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанча атуу боюнча чемпиону, спорттун чебери 62 жашта эле. Мелентьев көп жылдар бою чет мамлекеттерде машыктыруучу болуп иштеп, акыркы жылдары гана Кыргызстанга биротоло келген. Аны замандаштары жоопкерчиликтүү жана адамкерчиилктүү адам эле деп эскеришти. Бул инсан биздин өлкөнүн намысын коргоп, аны чет жактарга таанытууга өзүнүн салымын кошконун белгилей кетишибиз керек. 

Солдаты несут портрет академика Каипа Оторбаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
22-февралда белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды.

Кайып Оторбаев. 22-февралда белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды. Бул инсан Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, география илимдеринин доктору, профессор болгон. Оторбаев Улуттук илимдер академиясынын Экономикалык иликтөөлөр борборунун жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана божомолдоо бөлүмүн бир топ жыл жетектеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Аны мыкты футболчу катары да билишет, 1950-жылдары Москванын атактуу "Спартак" командасынын чабуулчусу катары белгилүү болгон. Замандаштары Оторбаевди өтө интеллигенттүү жана ишин мыкты билген мамлекеттик кызматкер катары эскеришет

Рахат Ачылова
© Фото / Сейитбек Идирисов
Жаштарга бере турган илими бар кыргыздын дагы окумуштуу кызы, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 5-мартта 74 жашында каза болду.

Рахат Ачылова. Жаштарга бере турган илими бар кыргыздын дагы окумуштуу кызы, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 5-мартта 74 жашында каза болду. Ал көп жылдар боюнча Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтутун ректору, Айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп иштеген.

Ачылова илимий эмгектерин негизинен үй-бүлөлөрдүн өсүп-өнүгүүсү, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролу, маданиятын, изилдөөгө арнаган. 

Президент Национального Олимпийского Комитета Мурат Саралинов
© Фото / пресс-служба НОК
Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов 54 жашында 13-мартта күтүүсүздөн каза болду.

Мурат Саралинов. Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов 54 жашында 13-мартта күтүүсүздөн каза болду. Ал Эсептөө палатасын, эркин күрөш федерациясын жетектеген. КРдин Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп иштеген. Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болгон. Көзү өткөн соң Россия президенти Владимир Путин тарабынан 2014-жылы Сочиде өткөн XXII кышкы Олимпиада жана XI паралимпиадалык оюндарын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн медаль менен сыйланган

Табылды Эгембердиев. 16-майда кыргыз коомчулугун өкүткө салган окуя — ишкер жана публицист "Шоронун атасы", Табылды Эгембердиевдин 64 жашында дүйнөдөн кайтышы болду

Основатель компании Шоро Табылды Эгембердиев
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"
16-майда кыргыз коомчулугун өкүткө салган окуя — ишкер жана публицист "Шоронун атасы", Табылды Эгембердиевдин 64 жашында дүйнөдөн кайтышы болду.

Бул адам 1992-жылы кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеп, улуттук бизнесте алгачкы саамалыкты баштаган. "Супарасы" менен көптөргө үлгү болгон. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүгө шымаланып киришип, өлкөбүздө эле эмес, региондо сейрек кездешүүчү этнокомплекстерин түптөп, ийгилигин арттырган

Кенжалы Сарымсаков. Кыргыз журналистикасынын ардагерлеринин бири Кенжалы Сарымсаков 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болду. Сарымсаков көп жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген. 

Журналист Кенжалы Сарымсаков.
Елена Воронина
Кыргыз журналистикасынын ардагерлеринин бири Кенжалы Сарымсаков 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болду.

Кийин ардактуу эс алууга чыккан соң жаш журналисттерге кеп-кеңештерин берип, кесиптик тажрыйбаларынан үйрөтүп, кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө байланыштуу талкууларды уюштуруп келген. 

Жеңишбек Райымбаев. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү алп адамдардын катарын толуктаган ак-талаалык Жеңишбек Райымбаев 1-июнда 36 жашында оорудан каза тапты. Өкүнүчтүүсү — бул уникалдуу адамга өзүнүн мекенинде тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөгөндүктөн, мезгилинен эрте кетти. Ал акыркы күндөрүн өзү туулган айылда кабылдап кеткен оорусу менен алпурушуп, төшөктө жатып өткөрдү.

Райымбаевдин бою 2 метр 36 сантиметр, салмагы 150 килограммга жакындап барган. Кийин саламаттыгынын начарлагандыгына байланыштуу абалы начарлап, салмагы түшө баштаган. Ага президент тарабынан стипендия бөлүнүп, бирок, Жеңишбек аны колуна алганга үлгүргөн жок. 

Деңизбек Чалапинов. 18-июнда Кыргыз эл артисти Деңизбек Чалапинов 83 жашында каза болду. Ал Эл артисти наамын мындан беш жыл мурда гана алган. 

Народный артист Кыргызстана Денизбек Чалапинов.
пресс-служба киностудии "Айтыш"
18-июнда Кыргыз эл артисти Деңизбек Чалапидинов 83 жашында каза болду.

Чалапинов "Отелло", "Оптимисттик трагедия", "Курманбек" чыгармаларында, жалпысынан театр сахналары менен киноэкранда150гө чукул роль ойногон. Аны менен иштешип калгандар башкалардан айырмаланган "эркиндиги" жана өзүнүн ролду дароо түшүнө билген өзгөчөлүгү бар экендигин айтышат. Ал актердук билимин Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театралдык институттан алган. 

Народный артист Кыргызстана Мукамбет Токтобаев. Архивное фото
Тынчтык Турдалиев
Быйылкы жылдагы кыргыз искусствосунда анын ичинен театр жана кино жаатындагы чоң жоготуулардын бири Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин 30-июлда дүйнө салышы болду.

Мукамбет Токтобаев. Быйылкы жылдагы кыргыз искусствосунда анын ичинен театр жана кино жаатындагы чоң жоготуулардын бири Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин 30-июлда дүйнө салышы болду. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 68 жаштагы актерунун өмүрүн жол кырсыгы алып кетти. Улуу муундагы актерлордун ичинен Токтобаевге бүгүнкү күндүн режиссерлору тарабынан киного тартылуу үчүн көп сунуштар түшүп келген. Залкарлардын акыркы муундарынан болгон бул инсанды акыркы сапарга узатууда кесиптештери көз жашын токтото алган жок. 

Батыш Салиева
© Фото / предоставлено пресс-службой аппарата президента КР
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева 72 жашында узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болду.

Батыш Салиева. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева 72 жашында узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болду. Бул адам 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Анын эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган. 

Народный артист Кыргызстана Кадыржан Кадыралиев с видеокамерой
Александр Федоров
Кыргыз кереметинин түзүүчүлөрүнүн бири, КР Эл артисти, чыгаан оператор Кадыржан Кыдыралиев 27-августта 79 жаш курагында узак оорудан кийин каза болду.

Кадыржан Кыдыралиев. Кыргыз кереметинин түзүүчүлөрүнүн бири, КР Эл артисти, чыгаан оператор Кадыржан Кыдыралиев 27-августта 79 жаш курагында узак оорудан кийин каза болду. Бул таланттуу адам биринчи тасмасынан эле кино дүйнөсүнө таанылган. Кыргыз киносунун классикасына айланган "Тайгак кечүү", "Жамийла", "Көк жал", "Бакайдын жайыты", "Уркуя" жана дагы көптөгөн республикалык жана дүйнөлүк масштабдагы тасмалардын оператору болгон. Кыргыз киносунун ардагери операторлук иши менен СССР ичинде гана кеңири белгилүү болбостон, көптөгөн чет элдик фестивалдарда таанылып, алардын лауреаты болуп келген. 

Заслуженный деятель культуры Кыргызстана, профессор Майрам Юсупова
из семейного архива Юсуповых
Түрколог, профессор Майрам Юсупова 28-августта 76 жашында дүйнө салды.

Майрам Юсупова. Түрколог, профессор Майрам Юсупова 28-августта 76 жашында дүйнө салды. Юсупова элчи, экс-мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковдун жубайы эле. Ал Бишкек Гуманитардык университетинде япон тилинен сабак берип, кийинчерээк бир топ жыл Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин жетектеген. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчисинин орун басары болгон. Бир нече илимий макалаларды жазып, кыргыз-япон сөздүгүн түзгөн. Ал эми Жубайы Ишенбай аба 2014-жылдын 24-апрелинде 77 жашында дүйнөдөн кайткан. 

Т.У.Усубалиев с букетом
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Кыргыз эл баатыры, "Ак шумкар" орденинин ээси, 24 жыл бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин каза болду.

Турдакун Усубалиев. Кыргыз Эл баатыры, "Ак шумкар" орденинин ээси, 24 жыл бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин каза болду. Бул инсан 1961-1986 жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиянын биринчи катчысы болуп иштеген. Чейрек кылымга жакын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бул инсандын айланасында оң дагы, терс дагы пикирлер айтылып, баа берилип келет. Кандай болгон күндө да Усубалиев Кыргызстандын тарыхындагы салмактуу тарыхый фигуралардын бири катары кала берет. 

Солдаты с портретом Казата Акматова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган саясий кыймылдын түптөөчүсү болгон.

Казат Акматов. 14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган саясий кыймылдын түптөөчүсү болгон. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" чыгармалары эл арасына кеңири тараган. Бир нече чыгармалары сахнага коюлган. 2013-жылы Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында "Эрика Клаустун 13 кадамы" аталган чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. 

Урмат Саралаев. Дипломат Урмат Саралаев 69 жашында 14-сентябрда кайтыш болду. Анын акыркы элчилик кызматы Кыргызстандын Тажикстандагы дипломатиялык миссиясына өткөн. 

СССРдин Чойбалсан шаарындагы Башкы консулдугунда эмгектенген. Орус, өзбек, немис жана монгол тилдеринде эркин сүйлөгөн. Өмүрүнүн акыркы жылдары ТИМдин дипломатиялык академиясынын проректору болуп иштеген. 

Эрмек Мойдунов. Кыргыз Эл артисти, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун 17-сентябрда дүйнө салышы анын көп замандаштарын кайгыртты. Чыгаан артистти замандаштары 71 жашында акыркы сапарга узатты. 

Народный артист Эрмек Мойдунов.
пресс-служба Минкультуры КР
Кыргыз эл артисти, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун 17-сентябрда дүйнө салышы анын көп замандаштарын кайгыртты.

Ал кыргыздын классикасына айланган "Сары-Ой", "Эне жөнүндө баллада", "Күйдүм чок", "Сары-Челек" ырларын мыкты аткарган кыргыздын алгачкы тенор үндүү ырчыларынын бири. Мойдунов 21 жашынан баштап филармонияда иштеп, Зейнеп Шакеева, Рыспай Абдыкадыров, Гүлмайрам Момушева сыяктуу залкарлар менен эмгек жолун баштаган. 

Барчынбек Бугубаев. Ушул эле күнү, 17-сентябрда кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев 52 жашында көз жумду. 

Поэт Барчынбек Бугубаев
из семейного архива Бугубаевых
Ушул эле күнү, 17-сентябрда кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев 52 жашында көз жумду.

Анын поэзиясы менен кыргыз окурмандары 1980-жылдардан тарта тааныша баштаган.

Кыргыз мамлекеттик универститетинин филология факультетин аяктап, ошол эле жерде лингвистика кафедрасында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын адабият бөлүмүн жетектеген. "Ак бороон", "Адамзатка кайрылуу" жыйнактарынын автору. 

Талгат Асранкулов. Художник, режиссер жана сценарийчи Талгат Асранкуловдун 31-октябрда 54 жашында капыстан көз жумушу азыркы кыргыз кино өнөрүнүн капталын эңшерип кеткендей болду. 

Режиссер и сценарист Талгат Асыранкулов во время съемок
Хасан Кыдралиев
Художник, режиссер жана сценарийчи Талгат Асранкуловдун 31-октябрда 54 жашында капыстан көз жумушу азыркы кыргыз кино өнөрүнүн капталын эңшерип кеткендей болду.

Алгач, Бишкекте, кийин Москва шаарында кино өнөрү боюнча билим алган Асранкулов бир топ кинолордун жаралышында зор салымын кошкон. Анын колунан "Үйүң кайда, үлүл", (Кыргызстан), "Карга чулганган айлана" (Өзбекстан), "Шиза" (Россия-Казакстан), "Монгол" (Россия-Германия-Казакстан), "Свет аке" тасмалары чыккан.  

Портрет Жумагул Нусуповой на юрте
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова катуу оорудан кийин 30-ноябрда 85 жашында көз жумду.

Жумагүл Нусупова. Мамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова катуу оорудан кийин 30-ноябрда 85 жашында көз жумду. Нусупова кыргыз маданиятынын, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн калыптанышына чоң салымын кошкон. Ал Күлүйпа Кондучалова, Сагын Бегматова, Роба Абдысаматовалар менен бир катарда туруп, жетекчиликте иштеген кыргыз кыздарынын бири болгон. 

Бектен Абдылдаев. 8-декабрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Бектен Абдылдаев капысынан дүйнө салды. 75 жаштагы театр ишмери эртең менен стадиондо чуркап жүргөндө жүрөгү кармап, "Тез жардам" ооруканага жеткирген. 1975-жылы Москва институтунун маданият бөлүмүндөгү режиссура факультетин аяктап, кезинде Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын негизделишине, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өмүрүнүн акыркы жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жүргөн.

Жаткан жериңер жайлуу, ыйманыңар саламат болсун, залкарлар. Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына, искусство менен маданиятынын, экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар тарых бетинде алтын тамгалар менен жазылып кала берет.

1616
Белгилер:
Гүлзат Батырканова, Александр Мелентьев, Кайып Оторбаев, Мурат Саралинов, Табылды Эгембердиев, Кенжалы Сарымсаков, Жеңишбек Райымбаев, Мукамбет Токтобаев, Батыш Салиева, Кадыржан Кыдыралиев, Майрам Юсупова, Турдакун Усубалиев, Казат Акматов, Барчынбек Бугубаев, Эрмек Мойдунов, Жумагүл Нусупова, Бектен Абдылдаев, Урмат Саралаев, Талгат Асранкулов, Каза болгондор, инсандар, дүйнө салуу
Тема боюнча
Өлкөнүн белгилүү инсандарынын кеңештери: ата мекендик авторлордун беш китеби
Турдакун Усубалиевдин сүрөттөгү элесине сүртүмдөр
Осмоналиев: Мелентьев адамгерчиликтүү, акылман киши болчу
Табылды Эгембердиев: көп пландар бар ошого жетпей калам го деп шашып жашап атам
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын коргоочусу Айзар Акматов. Архивдик сүрөт

Футболчу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду

9
(жаңыланган 11:36 07.12.2021)
Футболчу улуттук команданын сабында ойноп, 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы оюнда дарбазачы болгон.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын коргоочусу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду. Бул тууралуу оюнчунун мурдагы командасы, Бишкектин "Дордой" клубунун маалымат кызматы билдирди.

23 жаштагы коргоочу Бангладештин "Шейх Руссел" клубуна өтөт.

Акматов "Дордой" клубунун тарбиялануучусу болуп саналат. Ал команда менен 64 расмий беттеште ойноп, эки гол киргизген.

Футболчу Кыргызстандын улуттук командасынын курамында 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттеште дарбазачы болгону менен да белгилүү. Оюн борборлоштурулган форматта Японияда өткөн. Анда команданын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип, беттешке чыгуусуна тыюу салынган. Ал матчта Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Токиодогу үч беттештин жыйынтыгы менен улуттук команда кийинки этапка чыга албай калган. Эми 2023-жылы өтүүчү Азия кубогу мелдешине жолдомо алуу үчүн таймашын улантат.

Айзар Акматов "Шейх Русселде" 34-номерде ойнойт.

Эске салсак, аталган клубда өткөн сезондо улуттук команданын дагы бир футболчусу, жарым коргоочу Бахтияр Дүйшөбеков ойногон.

9
Белгилер:
Кыргызстан, Бангладеш, футбол, трансфер, Айзар Акматов
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Шукуров "Неманда" ноябрдагы мыкты оюнчу болду
Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун "баасы" бир миллион еврого чыкты
Депутат Асылбек Жээнбеков. Архив

Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар

47
(жаңыланган 11:21 07.12.2021)
Жээнбековдун турак жайынын аянты 1,5 миң чарчы метр, ал эми Зулпукаров 5 миллион сомдук автоунаага ээлик кылат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын киреше-чыгашасы тууралуу тапшырган былтыркы декларациясын жарыялады. Анын ичинде Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров дагы бар.

Аталган эл өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга барган деген шек менен кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында.

Асылбек Жээнбеков

Экс-президенттин бир тууган иниси жана ЖКнын мурдагы төрагасы өткөн жылы 2 миллион 119,7 миң сом иштеп тапкан.

Ал төмөнкүдөй мал-мүлккө ээлик кылат:

  • Аянты 1,5 миң чарчы метрлик турак жай;
  • Аянты 3,5 чарчы метрди түзгөн толук бүтө элек курулуш объектиси;
  • Аянты 9,7 миң чарчы метрлик жогоруда белгиленгенден башка конструкция;
  • Ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген төрт чарба субъектиси: "Алтын-Көл" акционердик коому, Айдарова Г.К. жеке ишкердиги, "Бий-Мырза" деп аталган эки ЖЧК;
  • Жылкылары 1,25 миллион сомго бааланат;
  • Бодо малы — 1,1 миллион сом;
  • Майда жандыктары (кой, эчки) — 750 миң сом;
  • Акциясы — 210 миң сом;
  • Эмерек — 410 миң сом;
  • Тиричилик техникасы — 135 миң сом;
  • Сүрөт, аудио жана видеотехника — 170 миң сом;
  • Жогоруда белгиленгенден башка кыймылдуу мүлкү — 295 миң сом.

Асылбек Жээнбековдун жакын туугандары 2020-жылы 550 миң сом иштеп тапкан. Турак жай, айыл чарба багытындагы эмес жер тилке, башка конструкциялары бар экени жазылган, бирок аянты "0" деп турат. Ошондой эле аларга таандык Toyota Land Cruiser унаасы, 480 миң сомдук баалуу металлдар, 180 миң сомдук эмерек, 110 миң сомдук фото, аудио-видеотехника жана башка кыймылдуу мүлкү 120 миң сомго бааланган.

Төрөбай Зулпукаров

Депутат ЖК 6 созыва Торобай Зулпукаров от партии СДПК на заседании. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Торобай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын вице-спикери, учурдагы депутат былтыр 1,5 миллион сомдон ашыгыраак киреше чогулткан. Анын турак жайынын аянты 489,6 чарчы метрди түзөт. Үй алдындагы бакчасы жарым гектар, автоунаасы 5 миллион сом. Ал эми жакын туугандарынын автоунаасы 3,1 миллион сомго бааланат.

Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө коррупцияга барган деген айып тагылып, бир нече учурдагы жана мурдагы чиновник, депутаттар кармалган. Кээ бирлери тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн сот тарабынан жүз миңдеген айып пул салынып абактан бошотулган. Ал эми экс-премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариевдин баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо шарты менен өзгөртүлдү. Жакында эле Жээнбеков менен Зулпукаровдун жана башка саясатчылардын абактагы мөөнөтү 30-январга чейин узартылды.

47
Белгилер:
Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, декларация, байлык, мүлк
Тема боюнча
Мал кармайт, үйү да, автоунаасы да жок. Талант Мамытовдун декларациясы
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация
Кишилер Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын логотибинен жанында

АКШ бийлиги Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына бойкот жарыялады

10
(жаңыланган 11:45 07.12.2021)
Жо Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөй турган болду.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ бийлиги 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялагандыктан, иш-чарага Американын бийлик өкүлдөрү катышпайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки брифинг учурунда билдирди.

"Кытайдагы адам укугунун бузулушу жана Синьцзяндагы геноцидди эске алуу менен Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөйт", — деди ал брифингде.

Ошол эле учурда бул бойкоттун АКШлык спортчуларга тиешеси жок экени айтылды.

"Ал эми Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларыбызды 100 пайыз колдойбуз", — деди Псаки.

Эске салсак, Синьцзяндагы окуяларга байланыштуу АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги Кытайга каршы санкция жарыялашкан. Алар Кытай бийлиги уйгурлар жана алар сыяктуу башка этникалык азчылыктардын укугун бузуп, эркине каршы эмгегин пайдаланып жатат деп айыптоодо. Пекин бул айыптоолордо айтылгандардын бардыгын төгүндөп келет. Кытай бийлиги Синьцзянга байланыштуу окуялар адам укугуна эмес, террорчулук жана сепаратизмге тиешелүү экенин билдирет.

10
Белгилер:
АКШ, Кытай, олимпиада, адам укугу, спорт, саясат, бойкот
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат