Кыштын кыраан чилдесинде электр энергиясы маал-маалы менен өчүшү ыктымал

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүШам. Архив
Шам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрь айынын аягында Токтогул ГЭСинде авария болуп, үч генаратор өчүрүлгөн болчу.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Токтогул ГЭСиндеги авариядан улам өлкө боюнча электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн "Улуттук электр тармагы" ААКтын директору Медетбек Айткулов билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө ким көп колдонот принципи аркылуу киргизилет. Электр энергияны Бишкек шаарын эң көп колдонот – 10 миллион киловатт саат.

Учурда "Улуттук электр тармагы" түзүлгөн кырдаалды жайгаруу боюнча аракеттерди көрүп жатат. 

"Бүгүнтөн тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат. Майрам күнү электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Болжол менен 2-январдан тарта кайтадан электр энергиясын колдонууга чектөө коюлушу мүмкүн. Эгер чектөө киргизилсе анда республика боюнча киргизилет", — дейт ал. 

Экономика министринин орун басары Айбек Калыев чектөө кандай жол менен киргизиле турганы так аныктала электигин кошумчалады. 

Калыев ошондой эле, авариялык кырдаал жараткан кабелдердин бары алмаштырыла турганын айтып, бирок Токтогул ГЭСинде колдонулган кабелдер учурда чыгарылбай калганын белгиледи.

"ГЭСтеги кабелдер 40 жылдан бери алмаштырылган эмес. Дагы бир маселе учурда мындай кабелдерди заводдор чыгарбай калган. Андыктан мындай абал алмаштыруу иштерин кыйындатып жатат", — дейт Калыев.

"Электр тармактары" ААКтын башкы директорунун орун басары Узак Кыдырбаевдин айтымында, учурда авария болгон жерде Перьм шаарынан жана Кытайдан келген адистер иштеп жатат. 

"Кабелдерди чыгарган 40ка жакын завод менен байланыштык. Азыр кабелдерди алып келүүнү тездетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Алгач жабыр тарткан кабелдер алмаштырылат, андан кийин бардык кабелдерди алмаштыруу боюнча сүйлөшүүнү жүргүзөбүз", — деди Кыдырбаев.

Декабрь айынын аягында Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде авария болуп, үч генаратор өчүрүлгөн болчу. Ушундан улам электр энергиясын колдонуу боюнча айрым аймактарда чектөөлөр киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0