"Манас" аэропорту бүгүн үч миллионунчу жүргүнчүнү тейледи

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" Эл аралык аэропорту. Архив
Манас Эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык жүргүнчүгө бекер билет жана мекеменин белектерин беришти.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропорту шаршемби күнү үч миллионунчу жүргүнчүсүн тейлегенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек — Грозный каттамы менен учкан Алматы шаарынын 69 жаштагы тургуну Казбек Айдаевди инвестициялык жана инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын жетекчиси Абдималик Бусурманкулов куттуктап, саат жана башка белектерди тапшырды.

Мындан тышкары, авиакомпания Бишкек — Грозный — Бишкек каттамына бекер эки билет ыйгарды.

"Биз үчүн бул кош майрам болду. Алдыга коюлган максаттарды орундатууга бардык аракеттерди көрөбүз. Төрт миллионунчу кардарыбызды тейлөөгө да жетишебиз деген ишеним бар", — деди Бусурманкулов.

Мааракелик жүргүнчү таң калганын жашырган жок.

"Бир да жолу мындай көрүнүшкө туш келген эмесмин. Алматыда жашаганым менен бир жылда төрт жолу "Манас" аэропортунан учууга туура келет. Мага силердин аэропортуңар жагат, тейлөө кызматы жакшы жолго коюлган, баасы да арзан. Чоң ыраазычылык билдирем", — деди Айдаев.

"Манас" Эл аралык аэропортунан учкан жүргүнчүлөрдүн саны жыл санап өсүүдө. Эгер 2012-жылы республиканын бардык аэропортторунан учкандардын саны 1 миллион 893 миң 33 жүргүнчүнү ташыса, 2013-жылы 2 миллион 420 миң 253 адамга жеткен.

2015-жылы 28 миң авиакаттам катталып, анын 18 миңи — эл аралык болсо, 8,8 миңи — ички каттам болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0