Быйыл былтыркыга салыштырмалуу белгиленгенден көп объект салынды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучу жумуш учурунда. Архив
Куруучу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылда "Жеткиликтүү турак" программасынын алкагында салына турган курулуштарга басым жасалат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу пландаштырылгандан көп объект салынганын Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов кабарлады.

Атамбаевдин Жогорку Нарын каскадынын курулушу боюнча билдирүүсүнө Россия жооп берди
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча премьер-министр Темир Сариев аталган агенттиктин жетекчисин кабыл алды.

Мамбетовдун айтымында, 2015-жылы республикалык бюджеттин "Капиталдык салым" беренеси боюнча 38 объектинин курулушу пландаштырылса, 98 объект салынып, анын 71и мектеп болуп саналат. Мында буга чейин 25 мектептин салынышы каралган.

Жолугушуу учурунда өкмөт башчы кийинки жылы социалдык объектилерди куруу ушул ылдамдык менен улана турганын белгиледи. Анын айтымында, республика жаңы мектеп жана бал бакчаларга өтө муктаж. 

Мындан тышкары, Сариев мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жаткан курулуштардын сапатына жана өз мөөнөтүндө пайдаланууга берилишин көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.

"Жаңы мектептерди салууда электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга шарт түзгөн инновациялык технологияларды колдонуу зарыл", — деди премьер-министр.

Жолугушуу соңунда өкмөт башчы 20169-жылы "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында курула турган объектилерге басым жасоо керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0