Кыргызстанда малдын тоюту арзандады

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүУйлар. Архив
Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга буудайдын түшүмдүүлүгү жана ага болгон баанын төмөндүгү өбөлгө болууда.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 2014-жылга салыштырмалуу былтыр этке болгон орточо баа 17 пайызга арзандаганын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, буга тоютка болгон баанын төмөндөшү себеп болду. Эгер 2014-жылы чөптүн бир таңгагы 269,4 сом болсо, 2015-жылы 115,6 сомго түшүп, болжол менен 2,3 пайызга арзандаган. 

Экономика жана өнөр жай министрлигинин аймак аралык башкармалыгынын жүргүзгөн анализи боюнча негизги азык-түлүктүн баасына төмөнкүдөй тышкы факторлор таасир этет:

  1. 2015-жылдагы ыңгайлуу климаттык шарты түшүмдүн мол болушуна өбөлгө болгон. Түндүк аймактын бардын региондорунда буудайга болгон баа 18,5 пайызга арзандаган;
  2. Картошка айдагандар көп болгон. Аба-ырайы бул жашылчанын түшүмдүүлүгүн арттырып, баанын арзандашын шарттаган. 2015-жылы картошка өткөн жылга караганда дээрлик эки эсеге арзандаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0