Былтыр Кыргызстанда 1,5 млн. тоннадан ашуун көмүр казылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүШахтерлор эс алуу учурунда. Архив
Шахтерлор эс алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалыматы боюнча бул мурдагы жылга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч. Жалпы жонунан тоо-кен тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 7,1 миллиард сомду түзгөн.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Былтыр 1 миллион 647 миң 300 тонна көмүр казылып алынганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул 2014-жылга салыштырмалуу 7,5 пайызга көп. Жалпы жонунан тоо-кен тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 7,1 миллиард сомду түзүп, мурдагы жылга караганда 1,7 эсеге көп экени катталган. 

Бул металл кендерин казуунун, таш көмүр, чийки нефть жана жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштуу экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0