Оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салууну дагы 4 жылга жылдыруу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПраворульный автомобиль на улицах города Бишкек
Праворульный автомобиль на улицах города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рулу оң жагындагы автоунааларга тыюу салуу туурасында сөздөр жети жыл мурда Кыргызстанга Япониядан көп алынып келе баштаганда эле козголгон.

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Жогорку Кеңеште рулу оң жактагы автоунаалар менен эл ташууга тыюу салууну азырынча коё туруп, чектөөнү 2020-жылга чейин жылдыруу сунуш кылынды. Бул туурасында парламентте Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске толуктөө, өзгөртүү  киргизүү талкууланып жатканда айтылды.

Аталган мыйзам оң рулдуу башкаруудагы автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын азайтууга багытталган.  

Ыктыярдуу патент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таксисттердин патентин салыкчылардын ордуна Жол кайгуул кызматы текшере баштайт
"Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзамды ЖКнын мурдагы чакырылышындагы депутаттары 2013-жылы эле кабыл алган. 

2015-жылдын февралында президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү 2015-жылдын 3-июнуна туура келген. Ал эми 2016-жылдын 1-январынан баштап аталган унаанын түрү менен коммерциялык жүк ташыган айдоочуларга айып пул салынмак. Бирок, бул боюнча парламенттин бүгүнкү жыйынында кайчы пикирлер айтылды.

Депутат Мирлан Бакиров тыюу салуу боюнча чечим кабыл алуу азырынча эртелик кылаарын айтты.

"Мыйзам кабыл алынса бир катар эл ташуучулар көмүскө жагдайда иштеп калат, андыктан мыйзам долбоорун кабыл алуу эрте. Мен муну 2020-жылга чейин жылдырууну сунуштайм", — деди Бакиров.

Дагы бир депутат Иса Өмүркулов эл ташууда оң рулдуу автоунааларды колдонууга тыюу салуу социалдык чыңалууга алып келерин белгиледи.

ОСАГО кагаздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автоунааны милдеттүү камсыздандаруу эмне берет?
Оң рулдуу унааларга тыюу салуу туурасында сөздөр жети жыл мурун Кыргызстанга Япониядан көп алынып келе баштаганда эле козголгон. Бирок ыңкылап, жаңы праламентти шайлоо бул боюнча мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырган. 

Кийники кадам, былтыр ушул мезгилдери жасалып, тыюу салуу мыйзамдаштырылган. 

ЖКнын V чакырылышында депутат болуп турган учурда Дастан Бешеков оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салуу жана каттоо мөөнөтүн алып салууну каралган "Жол кыймылы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0