Биз биринчибиз! Кыргызстан дүйнөлүк рейтингдердин назарында

© Азамат АйтбаевАла-Көлдөгү турист. Архив
Ала-Көлдөгү турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк атак-даңкты бизге кадимки картошка менен ажайып табиятыбыз камсыздаптыр.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кайсы рейтингде биздин өлкө сап башында турарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы иликтеп көрдү.

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир нече көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде лидер өлкөлөрдөн озуп кетти
1. Келип бир көрүп кетүүгө сунушталат! 2016-жылы Кыргызстан Business insider сайтынын айтуусу боюнча көрүүгө сунушталган мамлекеттердин катарын жетектеди.

Басылманын журналисттери эң кооз жана эс алууга сунушталган туристтик аймактардын тизмесин жарыялаган. Анда бир топ күтүүсүздүктөр бар. Мисалы, саякатчыларга Кыргызстандан тышкары Уганда, Монголия жана Аляска да сунушталат.

2. Өпкө оорусу жана эне өлүмү. Европа ак китебинин маалыматы боюнча Кыргызстан өпкө оорусунан көз жумган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат: 100 миң кишиге 142 учур туура келген.

Эне өлүмүнүн статистикасында да өтө кайгылуу көрүнүш экен. Төрөттөн каза болгон аялдардын саны боюнча биздин өлкө КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи турат. 100 киши үчүн 50 учур катталган.

3. АКШ аймагындагы мыкты тоо лыжа курорттору. Саякатчылардын Travel.ru порталы "Каракол" базасын рейтингдин алдыңкы сабына алып чыгарган. Анын айтымында, "Караколдогу" эс алуу чөнтөккө да оорчулук келтирбейт: бул жерге келген турист күнүнө 46 доллар гана чыгымдайт.

4. Эң бактылуу адамдар. КМШ аймагында. Бул Дүйнөлүк банктын түзгөн рейтинги.

Планшет кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Интернет менен калкты камсыздоодо 15 орунга жогорулады — рейтинг
5. Ден соолук чыңдоочу туризм! Бул жаатта биринчи орунду Кыргызстанга National Geographic Traveler журналы берген. Биздин өлкө Израиль, Италия, Түштүк Корея жана Исландия сыяктуу мамлекеттерди артка таштаган.

6. Картошка? Ооба, картошка. Бул жашылчаны пайдалануу боюнча кыргызстандыктар, албетте, белорустардан кийинки орунду ээлеген. Украинанын Depo порталынын маалыматы боюнча Белоруссиянын жай тургуну бир жылда 181 килограмм картошка жей турганын аныктаган.

Экинчи орунда Кыргызстан турат, бизде бир киши жылына 143 килограмм картошка жесе, 136 килограмм менен Украина тизменин үчүнчү катарынан орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0