Египеттик мугалимдер КРдеги диний окуу жайлардын студенттерине араб тилин үйрөтөт

© Sputnik / Д. Калинин / Медиабанкка өтүүАраб каллиграфиясы. Архив
Араб каллиграфиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араб тилчи алты мугалим үч жыл Кыргызстандын ар кыл аймактарында иштешет.

БИШКЕК, 13-янв. – Sputnik. Египеттин Аль-Азхар университетинен келген алты мугалим Кыргызстандагы диний окуу жайлардын студенттерине сабак берет. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Каирдин жогорку окуу жайынан үч жылга келген окутуучулар түзүлгөн келишимдин негизинде окуучуларга араб тилин үйрөтөт. 

"Мугалимдер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругу менен Баткен, Чүйдөгү медреселерге жана Бишкек шаарындагы Кыргызстан ислам университетине, борборубуздагы диний окуу жайларга араб тили боюнча мугалим болуп бекитилди", — деп билдирди маалымат кызматы.

Буга чейинки келген мугалимдер Нарын, Ош облусундагы медреселерде, Кыргызстан ислам университетинде студенттерге араб тилинен сабак берип жатышат деп кошумчалады маалымат кызматынан.

Ушундай келишим менен Кыргызстанда иштеп жүргөн египеттик бир мугалим былтыр август айында жол кырсыгынан каза болгон. Анын элесине арналып эртең Лейлекте мечит ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0