Байланыш агенттиги: "мобилдик көз карандылык" жоюла элек

© Sputnik / Михаил ДудинУюлдук телефон жана акча. Архив
Уюлдук телефон жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга уюлдук байланыштын башка операторуна өтүүдөгү телефон номерлерин сактоо ишин уюштуруудагы документтердин даярдалып бүтө электиги себеп болгон.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Азырынча "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" мыйзам ишке ашпай турганын Мамлекеттик байланыш агенттиги Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК 8,6 млн. сомго түрмөлөрдө уюлдук байланыштын толкунун басат
Мыйзамда башка операторго өтүү маалында абоненттердин телефон номерин толугу менен сактоо мүмкүнчүлүгүн бекитүү каралган. Аталган мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө  кирмек.

Мындан тышкары, мыйзамда Кыргызстандын аймагында операторду алмаштырып жатып номерди сактоо принциптери өкмөт тарабынан иштелип жана бекитилген жобонун негизинде ишке ашуусу каралган. Бирок, 1-январга карата өкмөттүн актылары даяр болбогондуктан, мыйзам ишке белгиленген мөөнөттө кирбей калды. Мунун себептери азырынча айтыла элек.

Бүгүнкү күндө бул мыйзамдын ишке кирүүсү ачык бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0