ИИМ: Кыргызстанда күнүгө жол кырсыгынан үч адам каза болот

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр жети миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 1066 адам каза болгон. Дагы 10 миң адам ар кыл жараат алган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жол кырсыгынан күнүгө үч адам каза болорун ИИМ билдирди.

Өткөн жылы 7066 жол кырсыгы катталган. Бул — 2014-жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга аз көрсөткүч.

"Авариядан көз жумгандардын саны 1066 адамга жетти, ал эми 10 миң 402 адам ар түрдүү жаракат алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Тамда тартылган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын эң кандуу көчөлөрү
Мында балдардын жол кырсыгынан жабыркаган учурлары азайганы байкалууда. 2014-жылы балдар катышкан 1455 авария катталса, өткөн жылы андан 29 учурга аз кырсык болгон. 

Ал эми былтыр жол кырсыгынан 96 бала каза болуп, 1637 бала жабыркаган.

Муну менен бирге билдирүүдө окуя болгон жерден айдоочулар из жашырып кеткен 581 жол кырсыгынын бети ачылгандыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0