Өлкөнүн Маалыматтык саясат концепциясынын иштеп чыгуучу эксперттик топ түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖМК кызматкерлери конференцияда. Архив
ЖМК кызматкерлери конференцияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттик жумушчу топтун курамына жарандык коомдун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча түзүлгөн кеңешти жетектемей болду
Тийиштүү буйрукка президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн, 27-январда кол койду.

Ага ылайык, эксперттик жумушчу топко 2016-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө сөз эркиндигинин принциптеринин бузулбастыгын жана маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактоону эсепке алуу менен улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыттарын иштеп чыгуу жана президент аппаратынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Эксперттик жумушчу топтун курамына жарандык коомдун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0