Наристелер бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алынат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук кезектин Интернет айдыңында ачык болорун Билим берүү жана илим министрлиги былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгаруучу коллегияда билдирди.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бала бакчаларга балдарды кабы алуу үчүн электрондук кезек түзүү боюнча иш башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегия жыйынында белгилүү болду.

Кыргызстанды бир көрүп сүйгөн сибирлик мугалим Бишкекте бала бакча ачты
Билдирүүгө ылайык, бул маалымат Интернетте ачык болот. Балдарды кабыл алуунун электрондук кезеги пилоттук режимде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында иштеп келет. Тест режиминде болгондуктан кезектин кагазга түшүрүлгөн варианты бала бакчаларда илинип турары айтылууда.

Учурда Кыргызстанда 1062 бала бакча иштейт. Анын ичинен максатсыз пайдаланылып келген 173 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0