Кыргызстан аскердик күчү боюнча эл аралык рейтингде 78-орунда турат

Жазылуу
Алдыңкы үчтүктү АКШ, Россия жана Кытай былтыртан бери ээлеп келишет. Орто Азияда аскердик күчү боюнча Өзбекстан алдыда турат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Глобалдык индекстин жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аскердик күчү 78-орунга татыды. 

Былтыркы жылдын сентябрь айында Кыргызстан ушул эле орунда болчу. 

Изилдөө Global Firepower порталынын адистери аркылуу жүргүзүлгөн. Алар жалпысынан 126 өлкөнүн куралдуу күчүнө баам салышкан. 

Россия берген аскер техникасын "Манас" аэропортуна кантип түшүрдү
Алдыңкы үчтүктү АКШ, Россия жана Кытай былтыртан бери ээлеп келишет. 

Орто Азия боюнча Өзбекстан биринчи (54-баскыч), Казакстан экинчи (66-баскыч), жана Кыргызстан (78-баскычта) үчүнчү. 

Бул жыйынтык боюнча Кыргызстандын курал-жарактары Өзбекстандын куралдарына караганда үч эсеге аз. Бизде 150 танк болсо, алардын 420 танкасы бар. 

Кыргызстанда 16 миң 550 аскер бар. Жыл сайын 111 миң адам аскердик милдет өтөөгө чакырылат. 

Куралдуу күчтөрдү эсептөөдө мамлекеттин коргонууга кеткен чыгымдары, деңиз, аба күчтөрү сыяктуу 50 фактор эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0