Эгемендик мааракеси жана Көчмөндөр оюндары — 2016 жылдын 100 иш-чарасы

Жазылуу
Пландаштырылган иш-чаралардын арасында Эгемендүүлүк күнүнүн мааракеси жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө каралган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Быйыл кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына арналган 100дөн ашуун иш-чара өтө турганын Тарых жана маданият жылын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.

Дирекция башчысы Султан Раевдин айтымында, мекеме кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана өлкөнүн улуттук өнүгүү моделин ишке ашыруу менен алектенмекчи.

"Быйыл кыргыз элинин тарых жана маданиятына арналган 100дөн ашуун иш-чара өткөрүү белгиленген. Алардын эң орчундуусу — улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине байланышкан иш-чаралар болот", — деди Раев.

Мекеме Тарых жана маданият жылынын логотибин бекитип берди. Марттын аягынан баштап www.madaniyat2016.kg аттуу расмий сайт ишке кирет.

Кыргызстандын багымсыздыгына карата арналган мааракенин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых жана маданият жылына арналган мааракелер кайда кантип белгиленет?
Мындан тышкары, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилөө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана Кыргызстан менен кыргыз элинин байыркы доордон түзүлүү этаптары боюнча түшүндүрмө берүү боюнча маалыматтык иштер бекитилген.

Мунун алкагында быйылкы жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук мааракелерге арналган почта маркалары жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата коллекциялык монеталар чыгарылмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен быйылкы жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0