Депутаттар оң рулдуу таксилердин мөөнөтүн 4 жылга узартышты

© Sputnik / Табылды КадырбековШаардагы оң рулдуу такси. Архив
Шаардагы оң рулдуу такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоору президентке жөнөтүлдү. Эгер ага кол коюлса оң рулдуу таксилерге 2020-жылга чейин айып пул салынбайт.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта 2020-жалга чейин пайдалануу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты. 

Чечим парламенттин бейшемби күнкү отурумунда кабыл алынып, мыйзам долбоору президентке жөнөтүлдү.

Маршруттук такси жана такси автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршруткалар жоюлуп, таксилер бир өңчөй түскө боёлот
Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, быйыл 1-январдан тартып күчүнө кирмек. Калк арасында "элге каршы" деп аталган бул мыйзамда айып пул чегерүү каралган эмес.

Бүгүн кабыл алынган мыйзамды КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов демилгелеген. Ушундай эле документти анын кесиптеши Алтынбек Жунус уулу да киргизген. Бул эки долбоорду бириктирүү чечими кабыл алынган.

Демилгечилер буга чейин оң рулдуу унааларга дароо эле тыюу салууга мүмкүн эместигин айтышкан. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, оң рулдуу таксилердин айдоочуларын жазага тартуу механизмдери иштелип чыкпагандыктан ИИМ мындай унааларга тыюу сала албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0