Кыргызстанда эшектин саны 10 миңге кыскарды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСельский быт Кыргызстана
Сельский быт Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-эчкинин саны 5,9 миллион башка жетип, былтыркыга караганда эки пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Былтыркы жылдын эсеби менен Кыргызстанда эшектин саны кескин азайып кеткенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын саны дээрлик 10 миңге кыскарып, болгону 54 миң башы калган.

Эшек эти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эшектин терисин сыйрып саткандар эми Ысык-Көлдөн кармалды
Ал эми тооктордун саны төрт миллиондук чекке жетти. Мекеменин эсеби боюнча быйылкы жылдын январына карата 4 044 762 тоок катталган.

Кой-эчкинин саны 5,9 миллион башка жетип, былтыркыга караганда эки пайызга жогорулаган.

Муну менен бирге ири мүйүздүү малдын саны да өскөнү маалымдалууда. Учурда өлкө аймагы боюнча 757 миң уй бар экени белгилүү болду.

Кескин жогорулап кеткен жандыктардын ичинен аарыны атоого болот. Бир жыл ичинде 10 пайызга жогорулап, уюлдун саны 103 миңден ашкан.

Кыргызстанда былтыр башталган эшектин чуусу алигиче басыла элек. Эшек сойгондор аныкталып, коомчулукта курч сынга алынса, быйыл Аксы, Ысык-Көл аймактарында эшектин териси "баа" болуп жаткан кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0