Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөткөн 8 спортчу айым

© AFP / JUNG YEON-JEАзия чемпиону Айсулуу Тыныбекова Инчхондо коло медалы менен. Архив
Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова Инчхондо коло медалы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадалык бийиктиктерди багынтып, алтын медаль тагынган кыргызстандык төрт чемпион айым бар. Ошондой эле Азия оюндарында да мыкты атыккан жердештерибиз бизге сыймык тартуулап келет.

Спорттук баяндамачы Кабыл Макешов 8-март айымдардын эл аралык майрамынын шаңы менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан сегиз спортчу айым тууралуу кеңири маалымат берүүнү эп көргөн. 

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүПразднование Дня космонавтики в Королеве
Празднование Дня космонавтики в Королеве - Sputnik Кыргызстан
Празднование Дня космонавтики в Королеве

1. Москва олимпиадасынын чемпиону Татьяна Колпакова

1980-жылы Москва Олимпиадасында алтын медаль тагынып, кыргыз спортун дүйнөгө тааныткандардын бири, СССР спортуна эмгек сиңирген чебери Татьяна Колпакова 1959-жылы 18-октябрда Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында туулган. Ал жеңил атлетика менен 1973-жылдан тарта машыга баштаган. Анын жеке рекорддору 6 метр 21 сантиметр менен башталып, үч жылда 7 метр 06 сантиметрге жеткен. Учурда Москва облусунда жашап, спорт мектебинде иштеп жүрөт. Ар жыл сайын Бишкекке келип турат. КРдин Жеңил атлетика федерациясынын демилгеси менен Колпакованын байгеси үчүн ар жылы Бишкекте эл аралык турнир өткөрүлүп келет. Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Алтын ордени жана СССРдин "Эл достугу" ордени менен сыйлаган. 

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүБорец, чемпион Олимпийских игр в Монреале 1976 года Павел Пинигин и легкоатлетка, чемпион Олимпийских игр в Сеуле 1988 года Мария Пинигина во время Эстафеты Олимпийского огня в Якутске
Борец, чемпион Олимпийских игр в Монреале 1976 года Павел Пинигин и легкоатлетка, чемпион Олимпийских игр в Сеуле 1988 года Мария Пинигина во время Эстафеты Олимпийского огня в Якутске - Sputnik Кыргызстан
Борец, чемпион Олимпийских игр в Монреале 1976 года Павел Пинигин и легкоатлетка, чемпион Олимпийских игр в Сеуле 1988 года Мария Пинигина во время Эстафеты Олимпийского огня в Якутске

2. Сеул олимпиадасынын чемпиону Мария Кулчунова (Пинигина)

1988-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда жеңил атлетика боюнча олимпиада чемпиону болгон Мария Кулчунова 1958-жылы 9-февралда Нарын шаарында туулган. Ал чоң 1970-жылдары келген. Мария СССРдин курама командасынын катарында 1988-жылы Сеул олимпиадасында 4х400 метр аралыкка эстафеталык жарышта мөрөй талашып, олимпиадалык алтын медалга арзыган. Европа чемпиону болуп, дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болгон.

Мария чоң спорттон кеткени "Спартак" коомунда машыктыруучу, жаштарга насаатчы болуп, бай тажрыйбасын бөлүштү. Учурда үй-бүлөсү менен Якутск шаарында турат. 

3.Сеул олимпиадасынын чемпиону Татьяна Сидоренко

Волейбол боюнча СССРге эмгек сиңирген спорт чебери, 1988-жылкы Сеул олимпиадасынын чемпиону Татьяна Сидоренко да 1966-жылы Бишкекте туулган. 1982-жылы Москва шаарында айтылуу "ЦСКА" командасында ойноп, жаштар арасында Европанын, СССРдин чемпиону болгон. СССРдин кубогун да утуп, СССР элдеринин спартакиадасынын чемпиону аталган. 1985-1992-жылдары жети жыл бою СССРдин тандалма командасынын чабуулчусу болгон. Ал Сеул олимпиадасында алтын медаль тагынса, Барселона олимпиадасында күмүш байгелүү болгон. Ошондой эле дүйнөнүн чемпиону болуп, дүйнө чемпионатында бир жолу күмүш, эки ирет коло медалга арзыган. Таня Европанын 3 жолку чемпиону. Союз ыдыраганы Италия, Хорватиянын бир нече клубдарында ойногон. Учурда Москвада жашап, орто мектепте дене тарбия мугалими жана машыктыруучу болуп иштейт. 

© AFP / TIMOTHY A. CLARYЗаслуженный мастер спорта СССР по баскетболу, чемпионка Елена Баранова
Заслуженный мастер спорта СССР по баскетболу, чемпионка Елена Баранова - Sputnik Кыргызстан
Заслуженный мастер спорта СССР по баскетболу, чемпионка Елена Баранова

4.Барселона олимпиадасынын чемпиону Елена Баранова

Баскетбол боюнча СССР эмгек сиңирген спорт чебери, Барселона олимпиадасынын чемпиону Елена Баранова 1972-жылы Бишкекте туулган. 14 жашында Бишкектин (Фрунзе) "Строитель" командасында ойноп, 15 жашында СССРдин өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү болгон. 17 жашында СССРдин курама командасына мүчө болуп, үч олимпиадага катышып, (1992-ж. Барселона, 1996-ж. Атланта, 2004-ж. Афина), Барселонада Шериктеш өлкөлөрдүн командасында ойноп, олимпиада чемпиону болгон. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (1998, 2002) болуп, дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш медалга арзыган. Европанын 7 жолку чемпиону. Россиянын 6 жолку чемпиону жана 2002-2004-жылдары Россиянын кыз-келиндер курама командасынын капитаны болгон. ХХ кылымдагы Россиянын эң мыкты баскетболчусу аталган. АКШ, Израиль, Түркия, Италия, Испания клубдарында ойногон. Учурда Москвада жашап, машыктыруучу болуп иштейт. 

© AFP / FRANCOIS XAVIER MARITЗаслуженный мастер спорта Кыргызстана, чемпионка Азиатских игр Татьяна Ефименко
Заслуженный мастер спорта Кыргызстана, чемпионка Азиатских игр Татьяна Ефименко  - Sputnik Кыргызстан
Заслуженный мастер спорта Кыргызстана, чемпионка Азиатских игр Татьяна Ефименко

5. Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Ефименко

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Ефименко 1981-жылы 2-январда Бишкек шаарында туулган. Ал 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында бийиктикке секирүүдө биринчи орунду ээлеп, Кыргызстанга алгачкы алтын байгеси тартууланган. 2004-жылы Афина, 2008-жылы Пекин олимпиадалык оюндарына катышкан. 2006-жылы Катардын Доха шаарындагы 15-Азия оюндарында күмүш медаль уткан. Азиянын 4 жолку чемпиону аталган. Эл аралык Гран-при турнирлеринде бир нече ирет жеңишке жеткен. Азия биринчилигинде күмүш, коло медалдарды бир нече ирет уткан. Анын жеке рекорду – 2 метр. Дохадагы жабык имараттагы Азия чемпионатында баш байгени ээлеген. "Даңк" медалы менен сыйланган. 

© AFP / YOO JAE-MINАзия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова
Легкоатлетка Татьяна Борисова  - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова

6. Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова

Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан жөө күлүк Татьяна Борисова 1976-жылы Бишкекте туулган. Ал КРдин спортуна эмгек сиңирген чебер, Эл аралык спорт чебери, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу. 2002-жылы Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында 1500 метр аралыктагы жарышта марага экинчи келип, күмүш медаль тагынан. Бирок Азия оюндарынын чемпиону болгон индиялык спортчу айымдын кызымта, допинг колдонгону аныкталып, Таняга бир жылдан кийин Азия оюндарынын чемпиону катары алтын медаль тапшырылган. Ал — Эл аралык турнирлердин, Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону. АКШдагы Остин марафонунун жеңүүчүcү. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышкан. КРдин көп жолку чемпиону жана рекордчусу. "Даңк" медалы менен сыйланган. Учурда ата жолун жолдоп машыктыруучу болуп иштеп, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүн тарбиялап жатат. Устаты жана насаатчысы — атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Борисов. 

© AFP / Rabih MOGHRABIМастер спорта международного класса по вольной борьбе, борьбе на поясах и самбо Яна Панова (третья слева)
Мастер спорта международного класса по вольной борьбе, борьбе на поясах и самбо Яна Панова (третья слева) - Sputnik Кыргызстан
Мастер спорта международного класса по вольной борьбе, борьбе на поясах и самбо Яна Панова (третья слева)

7. Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова

Балбан айым Яна Панова Кыргызстандын желегин далай ирет желбиретти. Ал 1980-жылы 28-ноябрда Каракол шаарында туулган. Эркин күрөш, бел кур күрөшү, самбо боюнча Эл аралык спорт чебери, кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионаттарынын бир нече жолку коло байге ээси. 2002-жылы Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында 3-орунду камсыз кылып, коло байге уткан. Яна КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча КРдин эмгек сиңирген спорт чебери. Бел кур күрөшү боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү болгон. Дзюдо күрөшү боюнча КРдин спорт чебери. 2007-жылдан бери кыз-келиндер арасында бел кур күрөшү боюнча КРдин тандалма командасынын улук устаты. 2003-жылдан бери КТУнун "Политехник" спорт клубунда окутуучу-машыктыруучу болуп иштейт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАзия чемпиону Айсулуу Тыныбекова
Вручение президент Алмазбек Атамбаев вручил спортсменам единовременные денежные премии и памятные подарки за достижения в спорте - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова

8. Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова

Олимпиадалык байгени багындырган кыргызстандыктар
Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, намыска жарап, далай кыздардын далысын килемге тийгизген анык балбан Айсулуу Тыныбекова 23 жашта. Балтыр эти толуп, күч-кубаты артып турган учуру. Ал Кочкор районундагы балбандардын урпактарынын бири. Аялдар эркин күрөшү боюнча КРдин эл аралык спорт чебери. КРдин көп жолку чемпиону. 2010-жылы Азия чемпионатынын коло байге ээси, жаштар арасында Азия чемпиону аталган. 2012-жылкы Лондон олимпиадасынын катышуучусу, Эл аралык бир нече турнирлердин жеңүүчүсү, 2013-жылы чоңдор арасында Азия чемпионатында коло байге, 2014-жылы Азия чемпионатында күмүш байге уткан. 2013-жылы Казанда өткөн Дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарында, 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган. 2015-жылы Орусияда өткөн олимпиада чемпиону Иван Ярыгиндин байгесине арналган Гран-при эл аралык турниринде күмүш медаль уткан. 2014-2015-жылдары Азия чемпионаттарында эки ирет күмүш байгеге татыган. Жакында февраль айында Таиланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында чоңдор арасында өткөн Азия чемпионатында 58 килограмма салмакта Айсулуу бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону болуп, күйөрмандарын кубантты. Эми 18-мартта Астана шаарында өтө турган Рио олимпиадасына жолдомо ойнотулган Эл аралык турнирге катышып, олимпиадага жолун ачуу үчүн даярдык көрүүдө. Устаттары — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучулары Нурбек Изабеков, Түгөлбай Базакечев.

Жаңылыктар түрмөгү
0