Интернеттеги сайттардын көптүгү боюнча Кыргызстан Орто Азия боюнча 3-орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековКолдонуучу sputnik.kg сайтынын баракчасын көрсөтүүдө. Архив
Колдонуучу sputnik.kg сайтынын баракчасын көрсөтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк рекордчу – Токелау аралы болуп эсептелет. Анда 31 миллион домен катталган.

БИШКЕК, 13-мар. – Sputnik. Домендердин саны боюнча Кыргызстан Орто Азияда үчүнчү орунда турат. Бул тууралуу Wired порталы IT-анализ жүргүзүүчү британиялык Nominet компаниясына шилтеме жасоо менен жарыялады. 

Британдыктар дүйнө картасын чийип, анда ар бир өлкөдөгү домендердин санын жазышкан. 

Сариева: элеттик окуучулар интернетке туташат, компьютер сабагы 5-класстан тарта киргизилет
Рекорддук көрсөткүч Жаңы Зеландияга караштуу Токелау аралына туура келген. 1,5 миллион жаран жашаган аралда 31,3 миллион домен бар экени аныкталган. Мындай көрүнүш ал жакта домен алып сайт ачуу бекер болгонуна байланыштуу. Кийинки орундарда Кытай, Германия, Улуу Британия жана Нидерланды турат. 

Борбор Азия аймагында Казакстан алдыңкы орунду ээлеп турат (121 901 kz домени бар). Андан кийин Өзбекстан 25 853 домен. Кыргызстанда kg зонасында катталган 8,373 домен бар. Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстанда 6504 жана 5820 домен каттоодон өткөн. 

Эң көп жайылган "com" домени 123 миллион каттоого ээ. Аталган домен эч бир мамлекетке карабагандыктан, аны эсепке алышкан эмес. 

Домен (домендик ат) – бул колдонуучулар сайтка кирүү үчүн колдонгон ресурстун дареги. Домендик дарек эки бөлүктөн турат: биринчи жана экинчи деңгээл. Эл аралык келишим боюнча ар бир өлкөгө биринчи деңгээлдеги домендик ат ыйгарылат. Мисалы, kg, ru, by, uk, ua, fr ж.б.

Жаңылыктар түрмөгү
0