Кыргызстандагы бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 26 млрд. сом керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКолонкадан суу алып жаткан айыл тургуну. Архив
Колонкадан суу алып жаткан айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы таза суу жок айылдардын көйгөйүн чечүү үчүн аракеттер көрүлүп, эл аралык банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өлкө аймагындагы таза суусу жок 595 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 26 миллиард сом керектеле турганын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеӊештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, учурда өкмөт башчы 2016-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча маалымат берүүдө.

ЖК депутаты Чолпон Султанбекованын айтымында, учурда өлкө боюнча 1,5 миллион киши таза сууга жетпейт. 

"Бүгүнкү күнгө чейин "Таза суу" программасы миллиондогон доллар кетиптир. Бирок, жыйынтыктар күткөндөй болгон жок", — деди ал.

Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дарыялардагы суунун көлөмү нормадан төмөн болуусу күтүлүүдө
Депутаттын суроосуна жооп берген өкмөт башчы таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн кеткен каражаттын беш пайызын элден чогултуу да жакшы жыйынтык бербей жатканын айтты. Андыктан өкмөт бул таза суу маселесин чечүү үчүн эки жылдан бери мамлекеттик бюджеттен 100 миллион сомдон каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. Мындай көлөмөдөгү каражат быйылкы бюджетте да каралган кошумчалап, төрт жылдын ичинде 160 айылдын суу көйгөйүн чечүү пландалганын кошумчалады.

Андан сырткары Кыргызстандагы таза суу маселесин чечүү үчүн бир катар эл аралык банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Сариев белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0