Лотереяларга тыюу салуу сунушталып жатат

© Sputnik / Алексей Насыров / Медиабанкка өтүүЛотерея ойнотуучу жай. Архив
Лотерея ойнотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты лотереялык оюндар буга чейин тыюу салынган казино менен букмекердик контораларды алмаштырды деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Кыргызстанда лотереяга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, 2012-жылы казино, андан кийин букмекердик контораларга тыюу салынган. Эми кезек лотереяларга жетти.

"Казинодой эле иштеген лотереялар жайнап кетти. Дароо берилүүчү утуштар менен алар казинонун эле ордун басып калды", — дейт эл өкүлү.

Зулпукаров мында тираждык жана мамлекеттик лотереялар өз калыбында каларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0