Кыргызстандыктар бош убактысын кантип өткөрөт?

Жазылуу
Эксперттер жарандар телевизор көрүүгө жана компьютердик оюндарга канча убакыт короторун эсептеп чыгышты.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Кыргызстандыктар бош убактыларын кантип өткөрө турганын Улуттук статистикалык комитет иликтеп чыкты. Маалыматка ылайык, убактысынын басымдуу бөлүгүн жарандар телевизор алдында өткөрөт.

Нарындын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком облус тургундарынын канчага чейин жашаарын аныктап чыкты
Статистика көрсөткөндөй, телевизорго көбүрөөк шаар жеринде жашаган эркектер байланган. Алар күнүнө орточо эсеп менен теле алдында үч саат отурса, элет жериндеги аялдар буга эки саат жыйырма мүнөт коротот.

Эс алуунун экинчи орунда турган түрү — пикир алышуу. Буга айылда жашаган эркектер күнүнө бир жарым саат жумшайт. Ал эми шаардык аялдар сүйлөшүүгө бир сааттан да аз убакыт коротот.

Кыргызстандыктар орточо эсеп менен спортко күнүнө 18 мүнөт бөлүүгө даяр. Китеп окуу менен сейилдөөгө болгону 13 мүнөт жетиштүү деп эсептейт. Компьютердик оюндарга жана ар кандай чогулуштарга 10 мүнөттүк убакыт керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0