Кыргызстанда ар бир үчүнчү жол белги алмаштырылууга тийиш

Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдорго жазгы текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир үчүнчү жол белги алмаштырылууга тийиш. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында өлкөдө жол белгилери жетишпейт. 

"Жол белгилери керектелген нормадан 20 пайызга жетишпейт, алардын дагы 20 пайызын ремонттон өткөрүүгө же такыр эле алмаштырууга муктаж. ЖКК көйгөйдү жоюуга аракет көрүп жатат", — дейт Саркулов. 

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги учурда жолдордо жазгы текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. 

"Жолдорду каржылоо Транспорт министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдарына карайт. Бирок, каражат көлөмү жетишсиз", — деп кошумчалады Саркулов. 

Бул боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн жол коопсуздугу боюнча комиссия дагы өз ишин алып барууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0