Кыргызстанда "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюмуна тыюу салынды

Жазылуу
Аталган уюм соттун чечими менен террористтик деп табылды. Анын курамында террорчулукка үндөө менен алектенип келген кыргызстандык жарандардын бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюму Кыргызстанда террористтик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында тыюу салынганын Башкы прокуратура билдирди. 

Кишенге алынган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда террорчуларга курал саткан милициянын майору кармалды
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган. Облустук прокуратура текшерүү маалында аталган уюм радикалдык салафит маанайдагы жихаддык топ экенин аныктап чыккан. Анын курамында сириялыктардан тышкары кыргызстандыктар да бар экени такталган. Аталган жарандар террорчулукка үндөө иштери менен активдүү алектенип, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облустук прокуратура мунун негизинде шаардык сотко аталган уюмду террристтик деп таап, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча арыз менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0